Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXVII сессиясы
2020-жылдын 24-декабры № 37/2
Чоң-Туз ЖЧКсынын аренда акысы жөнүндө
Туз айылында жайгашкан Чоң-Туз шахтасынын арендасынын учурда төгүлүшү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун билдүүрүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чоң-Туз” шахтасын иштеткен жеке ишкер А. Байтереков менен 2019-жылдын 6-августунда эки тараптуу келишим түзүлүп, азыркы күндө иштетип келет. Бирок келишимде көрсөтүлгөн талаптарды толук аткарбагандыктан жана түзүлгөн келишимдин мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктагандыктан, айыл өкмөтүнө тиешелүү материалдык баалуулуктарды жана техникалык жабдыктарга пломбу уруп ишмердүүлүгүн токтотуу максатында, тиешелүү органдарга токтомдун көчүрмөсүн берүү (КРМА, КР Ө караштуу Экологиялык коопсуздук боюнча мам. инспексиясына, Кочкор РИИБ, Кочкор РЭС) кат жолдоо менен комиссия курамын түзүп, комиссия курамына айылдык кеңешинен депутат кошуу менен пломбу уруп бекитүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын жоопкерчилигине жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |