Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXVII сессиясы
2020-жылдын 24-декабры № 37/3
Ара-Көл суу сактагычынын жер аянты жөнүндө
Ара-Көл айылында жайгашкан Ара-Көл суу сактагычынын 105 га жер аянты жана суу сактагычтагы тоңгон сууга (муз) коньки тебүү боюнча Чолпон айылынын тургуну Жалил уулу Аскардын билдүүрүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ара-Көл айылында жайгашкан Ара-Көл суу сактагычынын 105 га жер аянтын Д. Ирсалиевге жана суу сактагычтагы сууну (балык салуу үчүн) Ара-Көл айылынын тургуну А. Бейшебаевдин көп жылдык мөөнөткө мыйзам чегинде арендага алгандыгын Кочкор райондук токой чарбасынан жана райондук архитектурасынан тактоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |