Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
19-сессия
2020-жылдын 19-июну №133/XIX-27
Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылы №205/ХХVI-25-токтому менен бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылдагы №205/ХХVI-25-токтому менен бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин» 30-беренесинин 2.1. бапынын 2-бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кант ш. Московская көч. №3 дарегинде жайгашкан “К-1”-коммуналдык ишкана, транспорт, кампалоо жана кичи өндүрүш аймагынан “Ц-1” – шаардын борбордук аймагына жер тилкесин берүү жөнүңдө Кант шаардык мэриясынын 18.05.2020-жылдагы №01-14/382-катын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылдагы №205/ХХVI-25-токтому менен бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин» 30-беренесинин «Кант шаарын укуктук аймактоо картасынын” 2.1.бапынын 2-бөлүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кант ш. Московская көч. №3 дарегинде жайгашкан “К-1”- коммуналдык ишкана, транспорт, кампалоо жана кичи өндүрүш аймагынан 460,2 кв.м.жер тилкесин чыгарууга руксат берилип,“Ц-1” – шаардын борбордук аймагына киргизилсин.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шайлдабеков |