Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
19-сессия
2020-жылдын 19-июну №134/XIX-27
«Тюльпан» балдардын саламаттыгын жакшыртуу лагерин Кант шаарынын мэриясынын балансынан Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин 11.06.2020-жылдагы бирдиктүү отурумунун чечимин жана ошондой эле Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Курмановдун 15.05.2020-ж. №947/01-48 Б.К. – Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 3,8 га “Тюльпан” балдардын саламаттыгын жакшыртуу лагерин келечекте адистештирилген социалдык борбор ачуу үчүн Кант шаардык мэриясынын балансынан Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүү жөнүндөгү катын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 3,8 га “Тюльпан” балдардын саламаттыгын жакшыртуу лагери келечекте адистештирилген социалдык борбор ачуу үчүн Кант шаардык мэриясынын балансынан Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүлүп берилсин;
- жогоруда белгиленген объект Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаардык мэриясынын объекттер жана менчиктер реестринен чыгарылсын.
Төрага | А.Шайлдабеков |