Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
19-сессия
2020-жылдын 19-июну №135/XIX-27
«Кыргызтелеком» АКнун имаратына КТБ ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин 11.06.2020-ж. бирдиктүү отурумунун чечимин жана ошондой эле Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Курмановдун 05.06.2020-ж. №1091/01-48 Б.К. Кант ш. Ленин көч. №97 жайгашкан “Кыргызтелеком” АКнун имаратын Ысык-Ата районунун калкын тейлөө борборун ачууга колдоо боюнча маселени кароо жөнүндө өтүнүч катын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызтелеком” АКнун имаратынын базасында райондун калкын тейлөө борборун ачууга жана Кант шаарынын мэриясында тендер (сынак) өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Кант шаарынын мэриясы жогоруда белгиленген объектте оңдоп-түзөө иштерин өткөрүү үчүн керектүү документтерди КРнын мыйзамына ылайык сапаттуу жана өз учурунда даярдасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына (Кадыров У.А.) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шайлдабеков |