Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
19-сессия
2020-жылдын 19-июну №136/XIX-27
Кант шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан ФОКтун (дене тарбиялык-ден соолукту жакшыртуу комплексин) имаратын Кант шаардык мэриясынын балансына алуу жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин 18.03.2020-ж. 18-сессиясынын протоколдук чечимин карап чыгып жана Ысык-Ата райондук каржы башкармалыгынын башчысы А.Джумалиевдин Кант шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан дене тарбиялык ден соолукту жакшыртуу (ФОК) имаратын КРнын Өкмөтүнүн алдындагы жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансынан Кант шаардык мэриясынын балансына алуу маселеси боюнча маалыматын угуп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кант шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан дене тарбиялык ден соолукту жакшыртуу (ФОК) имаратын КРнын Өкмөтүнүн алдындагы жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансынан Кант шаардык мэриясынын балансына алуу үчүн керектүү документтерди каттоо боюнча иш жүргүзсүн;
- объект 2021-жылдын 1-январынан тартып жогоруда белгиленген имарат Кант шаардык мэриясынын балансына алынсын;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаардык мэриясынын объекттер жана менчиктер реестрине киргизилсин.
Төрага | А.Шайлдабеков |