Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
19-сессия
2020-жылдын 19-июну №140/XIX-27
Кант шаарынын Гагарин көч. №1 дарегинде жайгашкан имаратты Кант шаардык мэриясынын балансына алуу жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Курмановдун 15.06.2020-ж. №1184/01-48 Б.К. Кант шаарынын Гагарин көч. №1 дарегинде жайгашкан имаратка караштуу маселени чечүү боюнча өтүнүч катын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кант шаарындагы Гагарин көч. №1 дарегинде жайгашкан имарат Чүй облусу боюнча ӨКМ башкармалыгынын балансынан Кант шаардык мэриясынын балансына алынсын;
- жогоруда белгиленген объектти муниципалдык менчикке алууга үчүн ылайыктуу документтер даярдалсын;
- объект Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаардык мэриясынын объекттер жана менчиктер реестрине киргизилсин.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикке көзөмөл туруктуу комиссиясына (Р.Абинов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шайлдабеков |