Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Бишкек шаары, 2001-жылдын 28-июну № 62
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, N 10, 442-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 28-статьянын биринчи бөлүгүнүн он экинчи абзацы "өтүп кеткендиктен" деген сөздөрдөн кийин "жазык иши козголушу мүмкүн эмес, ал эми козголгон" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 34-статьянын биринчи бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1) жазык ишин козгоого, өзгөчө учурларда ведомстволук караштуулугуна карабастан аны тергөө үчүн тергөөчүгө тапшырууга, берүүгө;".
3. 37-статьянын биринчи бөлүгү "иштер боюнча көрсөтмө берет," деген сөздөрдөн кийин "ишти бир тергөөчүдөн башкасына берет," деген сөздөр менен толукталсын.
4. 61-статьянын биринчи бөлүгү 8-пункттагы "кайтарып алууга" деген сөздөрдөн кийин ";" белгиси коюлуп, төмөнкү мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) суракта коргоочусу болууга".
5. 88-статьянын 5-пункту "пара" жана "баалуу буюмдар" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "же контрабанда" жана "жазык мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 102-статья "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", прокурор" деген сөз менен толукталсын.
7. 103-статья "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", прокурор" деген сөз менен толукталып, "коюлган күнөөнүн" деген сөздөр "жасалган кылмыштын" деген сөздөр менен алмашылсын.
8. 104, 105, 107, 108-статьялардын биринчи бөлүгү ар кыл жөндөмөлөрдөгү "тергөөчү" деген сөздөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", прокурор" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 109-статьяда:
экинчи бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"(2) Күрөө бөгөт коюу чарасы катары тергөөчү, прокурор тарабынан көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун санкциясы менен же соттун аныктамасы же судьянын токтому боюнча колдонулат.";
тогузунчу бөлүк "тергөөчү" деген сөздөн кийин "прокурор" деген сөз менен толукталсын.
10. 110-статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"(1) Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тергөөчү, прокурор тарабынан мыйзамдар менен үч жылдан кем эмес эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыш жасаган айыпкерге карата көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун санкциясы менен колдонулат.".
11. 111-статья төмөнкү мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"(5) Айыпкерди камакта кармоонун мөөнөтү өтүп кеткен, ал эми камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы иштин жагдайы боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн болбогон тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн иш сот тарабынан кайтарылып берилгенде мөөнөт тергөөгө көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу прокурор тарабынан өзүнө иш келип түшкөн учурдан тартып бир айга чейин узартылат.".
12. 112-статьянын экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын жүйөлөштүрүлгөн токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Камакта кармоо, күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү сот тарабынан же көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун макулдугу менен тергөөчүнүн, прокурордун токтому боюнча жүргүзүлөт.".
13. 156-статьяда:
биринчи жана экинчи бөлүктөр төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"(1) Даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү алынган ар бир учурда же кылмышты түздөн-түз тапканда тергөөчү же прокурор тиешелүү текшерүү жүргүзгөндөн кийин жазык ишин козгойт же аны козгоодон баш тартат. Эгерде мындай арыздарды же билдирүүлөрдү кароо башка органдардын караштуулугуна тиешелүү болсо, алар ошолорго жиберилиши мүмкүн.
(2) Жазык ишин козгоо жөнүндө же аны козгоодон баш тартуу тууралу чечим үч күндүк мөөнөттө, ал эми өзгөчө учурларда он күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынууга тийиш.";
үчүнчү бөлүк "Жазык ишинин козголгондугу" деген сөздөрдөн кийин "же аны козгоодон баш тарткандыгы" деген сөздөр менен толукталсын.
14. Кодекс төмөнкү мазмундагы 156-1-статья менен толукталсын:
"156-1-статья. Жазык ишин козгоодон баш тартуу
Жазык ишин козгоо үчүн себептер жана негиздер жок болгондо прокурор же тергөөчү жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарып, арыз же билдирүү келип түшкөн адамга, ишканага, мекемеге же уюмга билдирет жана аларга даттануунун тартибин түшүндүрөт. Ишти козгоодон баш тартуу арыз берүүчү тарабынан тиешелүү билдирме алган учурдан тартып жети күндүк мөөнөттө көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.".
15. 159-статьянын экинчи бөлүгү "прокурор" деген сөздөн кийин "жана тергөөчү" деген сөздөр менен толукталсын.
16. 165-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Окуя болгон жерди кароо жана экспертиза дайындоо өңдүү тергөө аракеттерин жүргүзүү жазык иши козголгонго чейин да болушу.".
17. 166-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: "Иш сот тарабынан тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн кайтарып берилгенде, ошондой эле токтотулган же кыскартылган иш жаңыртылганда мөөнөт тергөөгө көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу прокурор тарабынан өзүнө иш келип түшкөн учурдан тартып бир айга чейин белгиленет. Мөөнөттү андан ары узартуу жалпы негизде жүргүзүлөт.".
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А. Акаев |
|
|
|
2001-жылдын 5-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |