Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-октябры ПЖ № 470 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Мыйзам күчүнө ээ "Чүй облусундагы көпүрөлөрдү реконструкциялоо" долбоору боюнча 2008-финансылык жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Япониянын Өкмөтүнүн 476 миллион япон йени өлчөмдө грант берүүсү жөнүндө ноталарды алмашуу жолу менен түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосунда 2007-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин мөөнөтүнөн мурда таркашы-на байланыштуу жана Кыргызстан Республикасынын он экинчи чакырылыштагыЖогорку Советинин он экинчи сессиясында 1993-жылдын 5-майында кабылалынган, 2003-жылдын 3-февралындагы референдумда кабыл алынган КыргызРеспубликасынын 2003-жылдын 18-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасы-нын Конституциясынын жаны редакциясы жөнүндө" Мыйзамында баяндалганКыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-статьясынын 2 жана 3-пункт-тарына ылайык ушул Жарлыкты чыгарам: 1-статья. "Чүй облусундагы көпүрөлөрдү реконструкциялоо" долбоору боюнча2008-финансылык жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Япониянын Өкмөтү-нүн 476 миллион япон йени өлчөмдө грант берүүсү жөнүндө ноталарды алма-шуу жолу менен түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЯпониянынӨкмөтүнүн ортосунда 2007-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында кол коюл-ган макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныкталган тартипте Япония ӨкмөтүнөКыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүнкеректүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы тууралуу кабарласын. 3-статья. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев