Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485
Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын квалификациялык сынактан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик органдарда Кыргыз Рес-публикасынын мамлекеттик кызматынын администрациялык мамлекеттик кызматорундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынынквалификациялык сынак тапшыруу тартибин, ошондой эле мамлекеттик кыз-матчылардын билимине, жөндөмүнө (кесиптик дењгээлине) баа берүү тарти-бин аныктайт. 2. Ушул Жобонун күчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынынадминистрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарына (мын-дан ары - мамлекеттик кызматчылар) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин2005-жылдын 21-апрелиндеги N 130 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттиккызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндөгү" Жарлыгы менен бекитилгенКыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынынРеестрине (мындан ары - Реестр) ылайык жайылтылат, буга аскердик наам-дар, атайын класстык чендер жана атайын наамдар "Аскердик наамдарды,класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды бел-гилөө жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген мам-лекеттик кызматчылар кирбейт. 3. Квалификациялык сынак деп мамлекеттик кызматчынын администраци-ялык мамлекеттик кызмат ордун ээлешине ылайык класстык чен берүү жебашка администрациялык мамлекеттик кызмат ордуна кийин которбостон ке-зектеги класстык чен берүү максатында мамлекеттик кызматчылардын кесип-тик даярдык дењгээлине жана квалификациясына мамлекеттик баа берүүнүтүшүнөбүз. 4. Квалификациялык сынак өткөрүүнүн максаты ошол администрациялыкмамлекеттик кызмат ордунун чегинде белгилүү кызматтык функцияларды ат-каруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик кызматчынын жеке билимин жана таж-рыйбалык жөндөмүн (кесиптик дењгээлин) текшерүү болуп саналат. 5. Квалификациялык сынак Кыргыз Республикасынын Президенти бекит-кен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларына класстык ченберүүнүн тартиби жөнүндөгү Жободо каралган учурларда жүргүзүлөт. II. Квалификациялык сынакты өткөрүүнү уюштуруу жана анын жол-жоболору 6. Квалификациялык сынак мамлекеттик органдын статс-катчысынын жа-зуу жүзүндөгү арыз бериши аркылуу билдирилген мамлекеттик кызматчынындемилгеси боюнча жүргүзүлөт. 7. Мамлекеттик кызматчынын ага класстык чен берүү үчүн квалифика-циялык сынакка катышуу жөнүндөгү арызы кийин тийиштүү чечим кабыл алууменен ал берилгенден кийин бир айдын ичинде мамлекеттик органдынстатс-катчысы тарабынан каралат. 8. Квалификациялык сынак аттестациялык-конкурстук комиссиянын(мындан ары - комиссия) жыйналышын өткөрүү үчүн белгиленген тартиптеаттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт. 9. Квалификациялык сынак өткөрүү жөнүндө статс-катчынын чечиминде: а) квалификациялык сынак өткөрүүнүн датасы жана убактысы; б) квалификациялык сынак тапшыра турган мамлекеттик кызматчылардынтизмеси көрсөтүлөт. 10. Квалификациялык сынакка катышуу үчүн мамлекеттик кызматчы кыз-маткерлерди башкаруу кызматына төмөнкү документтерди тапшырат: - ушул Жобонун 1-тиркемесинин формасы боюнча жеке арыз; - кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча; - квалификациялык сынакка катышууга өзү баш ийген мамлекеттик ор-гандын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин рекомендациясы; - билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө, илимийнаам жана илимий даража берүү жөнүндө дипломдун, сертификаттардынкөчүрмөсүн кошуп алганда кесиптик билимин жана квалификациясын ыраста-ган документтердин көчүрмөлөрү; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын аттестациялоонунтартиби жөнүндөгү Жобонун 1-тиркемесинин формасы боюнча аттестацияөтүүнүн натыйжасы боюнча мамлекеттик кызматчынын ишине баа берүү блан-кы. 11. Алдыда турган квалификациялык сынакты тапшыруу жөнүндө чечиманы өткөргөнгө чейин он күндөн кечиктирбестен мамлекеттик кызматчыгамаалымдар кылынат. 12. Квалификациялык сынак өткөрүүгө чейин бир айдан кечиктирбестенкызматчынын тикелей жетекчиси комиссияга мамлекеттик кызматчынын билимдењгээли, жөндөмү (кесиптик дењгээли) жөнүндө жана ага класстык ченберүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикирди жөнөтөт. 13. Мамлекеттик кызматчы ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн пи-кир менен квалификациялык сынак өткөрүлгөнгө чейин кеминде эки жумакалганда таанышууга тийиш. 14. Мамлекеттик кызматчы комиссияга көрсөтүлгөн пикирге өзүнүн ма-кул эместиги жөнүндө арыз тапшырууга укуктуу. 15. Квалификациялык сынак өткөрүүдө комиссия мамлекеттик кызматчы-нын функциялык милдеттенмелердин квалификациялык талаптарына, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген ыкмаларды колдонууменен мамлекеттик кызматчылардын кесиптик сапаттарына баа берүүнүн ык-маларын, анын ичинде кызматтык милдеттерди жана администрациялык мамле-кеттик кызмат ордун ээлөө боюнча ыйгарым укуктарды аткаруу менен байла-нышкан маселелер боюнча жекече ањгемелешүү, тестирлөө жана жазуужүзүндөгү тапшырмаларды аткаруу, анын ичинде кызматтык ишти жөнгө сал-ган мыйзамдарды жана документтерди билүүсүн сынак жол-жоболорунун неги-зинде мамлекеттик кызматчы аткарган иштин татаалдыгына жана жооптуулу-гуна ылайык билимине, жөндөмүнө (кесиптик дењгээлине) баа берет. 16. Квалификациялык сынактын натыйжасы жөнүндө чечим комиссия та-рабынан мамлекеттик кызматчы жана анын тикелей жетекчиси жокто комисси-янын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачыкдобуш берүү аркылуу чыгарылат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тењболуп калган учурда төраганын пикири чечүүчү болуп саналат. 17. Мамлекеттик кызматчыга карата квалификациялык сынактын натый-жасы боюнча комиссия төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат: а) мамлекеттик кызматчы квалификациялык сынак тапшырды деп тааныл-сын жана ага класстык чен берүүгө сунуш кылынсын; б) мамлекеттик кызматчы квалификациялык сынакты тапшырган жок дептабылсын. 18. Квалификациялык сынактын натыйжасы N 2 тиркемеге ылайык форма-да түзүлгөн мамлекеттик кызматчынын сынак баракчасына жазылат. Сынакбаракчага комиссиянын төрагасы, катчысы жана жыйналышка катышкан мүчө-лөрү кол коет. Мамлекеттик кызматчы сынак баракчасы менен кол коюп туруп тааны-шат. Мамлекеттик кызматчынын сынак баракчасы, анын билим дењгээли,жөндөмү (кесиптик дењгээли) жөнүндө жана ага класстык чен берүүмүмкүнчүлүгү жөнүндө пикир мамлекеттик кызматчынын өздүк ишинде сакта-лат. 19. Квалификациялык сынактын натыйжасы ал өткөрүлгөндөн кийин жетикүндөн кечиктирбестен мамлекеттик органдын жетекчисине жөнөтүлөт. 20. Квалификациялык сынактын натыйжасынын негизинде статс-катчыквалификациялык сынак тапшырган мамлекеттик кызматчыга класстык ченберүү жөнүндө сунушту жетекчиге жиберет, ал класстык чен берүү жөнүндөтийиштүү чечим кабыл алат. 21. Квалификациялык сынак тапшыра албаган мамлекеттик кызматчы булсынак өткөрүүдөн кийин алты айдан соњ кайталап квалификациялык сынакөткөрүү жөнүндө демилге менен чыга алат. 22. Мамлекеттик кызматчы комиссиянын чечимин Кыргыз Республикасы-нын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттикке же сотко даттануугаукуктуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын квалификациялык сынактан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун 1-тиркемеси ________________________________ ________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы) аттестациялык-конкурстук комиссиясынын төрагасына_______ _______________________________ (арыз ээсинин Ф.А.Ж., ээлеген _______________________________ кызмат орду, үйүнүн дареги) АРЫЗ ______________________класстык ченин берүүгө квалификациялык сынактапшырууга мага жол берүүнү өтүнөм. Төмөнкүдөй документтерди тиркейм: 1. Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча. 2. Мен баш ийген мамлекеттик органдын структуралык бөлүмүнүн на-чальнигинин сунушу. 3. Зарыл кесиптик билимди жана квалификацияны ырастаган документ-тердин көчүрмөлөрү: билим жөнүндө дипломдун; квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин; илимий даражаны же илимий наамды берүү жөнүндө документтердин. 4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын аттестациялоо-нун тартиби жөнүндө Жобонун 1-тиркемесинин формасы боюнча өткөрүлгөнаттестациялоонун натыйжалары боюнча мамлекеттик кызматчынын ишине бааберүүнүн бланкы. Колу _________________ Дата _________________ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын квалификациялык сынактан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун 2-тиркемеси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчысынын СЫНАК БАРАГЫ 1. Фамилиясы, аты-жөнү ___________________________________________ 2. Туулган жылы, кунү жана айы ___________________________________ 3. Кесиптик билими, илимий даражасы, илимий наамы болушу жөнүндөмаалыматтар ___________________________________________________________ (качан жана кайсы окуу жайын бүтүргөн, билими боюнча_______________________________________________________________________ адистиги жана квалификациясы, илимий даражасы, илимий наамы) 4. Кесиптик даярдыгы, квалификацияны жогорулатуу же стажировкажөнүндө маалыматтар ___________________________________________________ (кесиптик даярдыгы, квалификацияны жогорулатуу же_______________________________________________________________________ стажировка жөнүндө документтер) 5. Квалификациялык сынакты өткөрүү күнүнө карата ээлеген админист-рациялык мамлекеттик кызмат орду жана бул кызматка дайындалган дата___________________________________________________________________________ 6. Мамлекетгик кызматтагы стажы __________________________________ 7. Жалпы эмгек стажы _____________________________________________ 8. Мамлекеттик кызматтын класстык чени ___________________________ (класстык чендин аталышы_______________________________________________________________________ жана ал берилген дата) 9. Жазуу жүзүндөгү тапшырмалардын натыйжалары ____________________ 10. Мамлекеттик кызматчыга суроолор жана аларга кыскача жооптор _________________________________________________________________________ 11. Аттестациялык-конкурстук комиссия айткан сын-пикирлер жана су-нуштар ________________________________________________________________ 12. Мамлекеттик кызматчы айткан сунуштар ________________________________________________________________________________________________ 13. Квалификациялык сынактын натыйжалары боюнча мамлекеттик кыз-матчынын билиминин, тажрыйбасынын (кесиптик дењгээлинин) баасы _______________________________________________________________________________ (мамлекеттик кызматчы квалификациялык сынакты тапшырды деп табыл-сын жана ал мамлекеттик кызматчынын ченин берүү үчүн сунушталсын; мамлекеттик кызматчы квалификациялык сынакты тапшырган жок деп та-былсын). 14. Аттестациялык-конкурстук комиссиянын сандык курамы ___________ Жыйналышка аттестациялык-конкурстук комиссиянын __________________мүчөсү катышты. Добуштардын саны ___________________ макул, ________________ каршы 15. Эскертүүлөр __________________________________________________ Аттестациялык-конкурстук комиссиянын ________________ төрагасы (колу) Аттестациялык-конкурстук комиссиянын ________________ катчысы (Колу) (колу) Аттестациялык-конкурстук комиссиянын ________________ мүчөлөрү (колдору) Квалификациялык сынакты өткөрүү датасы ___________________________ Сынак барагы менен тааныштым _____________________________________ (мамлекеттик кызматчынын колу, датасы) (мамлекеттик органдын мөөрүнүн орду) Аттестацияны өткөрүү датасы Аттестациялык баракча менен тааныштым ____________________________ (мамлекеттик кызматчынын колу, датасы) (мамлекеттик органдын мөөрүнүн орду)