Загрузка документа…
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алайку айылдык Кеңешинин кезектеги 22-сессиясы (6-чакырылыш)
2019-жылдын 24-декабры № 22/1
Алайку айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсинин 2-пункутун, Алайку айылдык кенешинин регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык “Алайку айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө” Алайку айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Абдыкеримовдун маалыматын, Алайку айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Алайку айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алайку айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджети киреше жана чыгаша бөлүгү 12143,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Лицензиядан түшүүчү 425,0 миң сом киреше каржы министрлиги тарабынан көп болжолдонуп калгандыктан кыскартып берүү жагы суралсын.
3. Жыл ичинде чарбалык иштердеги базар баасынын өзгөрүшүнө ылайык Алайку айыл өкмөтүнө бюджеттин статьяларына өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык Кеңештин сессиясында бекитилери белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алайку айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төтагасы З.Качкынчыевге тапшырылсын.
Алайку айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Салибаев |