Загрузка документа…
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алайку айылдык кеңешинин кезексиз 23- сессиясынын (6-чакырылыш) жыйналышынын
2020-жылдын 20- январы № 23/2
«Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү тууралуу 05.12.2019-жылы келтирилген № 11-1933-19 чыгуу санындагы сунушту кароо жөнүндө
Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын катынын негизинде “Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын милдеттемелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Алайку айылдык кеңешинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу айылдык кеңештин төрагасы М.Салибаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Алайку айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттемелери жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүүдө аныкталган мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн айылдык кеңештин депутаты Салибаев Мамытбекке жана бардык депутаттары эскертилсин жана аларга мындан ары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, анын ичинде жогоруда аталган Мыйзам талаптарын так аткаруу жагы милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Алайку айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Оморбековго тапшырылсын.
Алайку айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Салибаев |