Загрузка документа…
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алайку айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясынын (6-чакырылыш) жыйналышынын
2020-жылдын 13-майы № 24/1
Алайку айыл Өкмөтүнүн аймагында көчүп конуунун мөнөтүн белгилөө жана тартибин кароо жөнүндө
Алайку айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алайку айыл Өкмөтүнүн аймагында көчүп конуунун мөөнөтүн белгилөө жана тартибин кароо максатында айыл башчылардын элдик жыйынынын негизинде макулдашылган мөөнөт 2020-жылы 15-майдан эл жайлоого толук көчүрүлсүн. Жайлоодон айылдагы кыштоого көчүп түшүү 2020-жыл 25 – августан уруксат берилсин.
2. Элди жайлоого көчүрүү жана көчүп келүү тартиби так сакталсын.
3. Алайку айыл Өкмөтүнүн аймагына башка айыл өкмөтүнүн аймагынан жайыт пайдаланууга мал жандыктарын алып келсе айыл өкмөтүндөгү мал жандыкка чегерилген жайын акысынан эки эсе өлчөмдөгү жайыт акысы чегерилсин. (мисалы биздин айылдагылар 40 сом төлөсө башка айыл аймактан келгендер 80-төлөйт).
4. Алайку айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде айып пул төмөндөгү өлчөмдө белгиленип айып пул салынсын.
- Айдалган аңыздарга (беде, арпа ж.б) бодо мал түшсө башына 1000 сом, жандык башына 200 сом айып пул салынсын.
- Чөп оорунду (кара чөп) бодо мал түшсө мал башына 500 сом, жандык башына 100 сом айып салынсын.
- Жайкы жайлоого көчпөгөндөргө бодо мал башына 3000 сом, жандык башына 500 сом айып пул салынсын.
5. Жогорудагы берилген тартиптин бузулуусуна жарандар тарабынан жол берилсе Бузуулар кодексинин негизинде айып пул салуу жана тартипке чакыруу жагы Бузуулар боюнча комиссиянын төрагасы К.Өмөрбековго жана айылдын участковыйлары Койгелди уулу Бекжанга, Белекбай уулу Кубанычка тапшырылсын.
6. Бул токтомду аткаруу жагы Алайку айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аттокуровго тапшырылсын.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Айылдык Кеңешинин төрагасына калтырылсын.
Алайку айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Салибаев |