Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чангет айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектүү 1-сессиясынын
2020-жылдын 18-марты № 3
Келте,Ачы участкасындагы малчыларды көчүрүү графигин бекитүү жөнүндө
Келте,Ачы участкаларындагы кыштаган малчыларды жайытка көчүрүү графигин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып
Чангет айылдык кенешинин (төртүнчү шайланган) кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Келте,Ачы кыштоосундагы кыштаган малчылар 2020-жылдын 1-4-апрелине чейин жайытка көчүрүлүп,кароолдор дайындалсын.
- Күз мезгилинде көчүп келүү графиги 15-сентябрь деп белгиленсин.
- Ушул бекитилген графикти бузган атуулдарга мыйзам чегинде эскертүүсүз күнүнө 5000 ( беш мин ) сом айып пул төлөтүү жагы Чангет айыл өкмөтүнүн башчысына жана аймактык тескөөчүгө (участковой) милдеттендирилсин .(келтирилген зыянды толук төлөтүү)
-Келте,Өстүрүү участкасынын үлүштүк жерлерине,эгиндерге түшкөн мал жандыктарга төмөндөгүдөй айып пул салынсын. 1 баш жылкыга-500 сом
1 баш малга -500 сом жандыка -100 сом
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кеңешини төрагасынын орун басары Т.Аширбековго жүктөлсүн.
Чангет айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Эшиев |