Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чангет айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектүү 1-сессиясынын
2020-жылдын 18-марты № 6
Чангет айыл өкмөтүнүн Чангет жайыт пайдалануучулар бирикмесинин “Ачы” участкасынан “Терра Компани”ЖЧКна 20 чарчы метр жер аянтын 2 жыл 11 айлык мөөнөткө жайыт ресурстарын башка максаттарга пайдаланууга бөлүп берүү жөнүндө
Чангет айыл өкмөтүнүн Чангет жайыт пайдалануучулар бирикмесинин “Ачы” участкасынан Чангет жана Өстүрүү айылынын тургундарын сапатуу уюлдук байланышы менен камсыз кылуу максатында,Чангет айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын сессиясында карап жана депутаттардын талкуусун угуп,Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы “Жайыттар жөнүндөгү” № 30 мыйзамынын 3-1,10-1,5 беренелерине таянып Чангет айылдык Кеңеши ( төртүнчү шайланган)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чангет айыл өкмөтүнүн Чангет жайыт пайдалануучулар бирикмесинин “Ачы” участкасынан Чангет жана Өстүрүү айылынын тургундарын сапаттуу уюлдук байланышы менен камсыз кылуу максатында “Терра Компани” ЖЧК на 20 чарчы метр жер аянтын 2 жыл 11 айлык мөөнөткө жайыт ресурстарын мал жайуу менен байланышпаган,башка максаттарга пайдаланууга болгон ( уюлдук байланыш жабдыктарын орнотуу үчүн ) укугу берилсин.
2. Чангет жайыт пайдалануучулар бирикмеси жана “Терра Компани”ЖЧК му менен 2 жыл 11 айылык мөөнөткө жайыт ресурстарын мал жайуу менен байланышпаган, башка максаттарга пайдалануу келишим түзүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин агрардык маселелер,жер ,муниципалдык менчик,жайыттарды пайдалануу,өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Чангет айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.Эшиев |
|
|