Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чангет айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектүү 1-сессиясынын
2020-жылдын 18-марты № 7
Чангет айылына курула турганмикро ГЭСтин ордун тактоо жөнүндө
Күн тартибиндеги Чангет айылынын Чалкөйдө участкасынын жашоочусу Жолдошов Төлөгөндүн жеке демөөрчүлөрдүн жардамы менен микро ГЭС куруу үчүн сурап жаткан жерди тактоо жөнүндөгү маселени карап Чангет айылдык кенешинин (төртүнчү шайланган) кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чангет айылынын Чалкөйдө участкасына болжолдонуп жаткан микро ГЭС тин ордун жанынан көрүп, мыйзамдуулугун,кооптуулугун, айыл арасына зыян алып келбестигин тактап келүү жагы Айыл чарба,Энергетика Жер жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Задабаевге жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Абдраимовго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин Айыл чарба,Энергетика Жер жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чангет айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.Эшиев |
|
|