Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чангет айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектүү II сессиясынын
2020-жылдын 14-майы № 12
Өстүрүү айылына чыгарылган ичүүчү таза сууга сантехник дайындоо жана эмгек акысын бекитүү чыгарылган сууга көзөмөл жүргүзүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Өстүрүү айылына чыгарылган ичүүчү таза сууга сантехник дайындоо эмгек акысын бекитүү сууга көзөмөл жүргүзүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Чангет айылдык кенешинин (төртүнчү шайланган) кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өстүрүү айылындагы ичүүчү таза суу үчүн төмөндөгү жарандарга өз макулдуктары менен сантехник болуп иштөөгө макулдук берилип эмгек акылары ар бир турак жайдан 50 сомдон деп белгиленсин,эмгек акысын топтоо, жардамдашуу айыл башчыга милдеттендирилсин. - Көкүлов Ислам - Зулпукаров Жалил - Абдрасулов Манап
2. Ичүүчү таза суу чыгарылган 14 суу алуучу жайлардан башка жеке үйлөргө тартууга жана киргизүүгө уруксат берилбесин өз алдынча суу киргизген үйлөрдүн ээсине жана жашоочуларга 15000 сомдон кем эмес айып пул (штраф) салынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин Айыл чарба,Энергетика Жер жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Чангет айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.Эшиев |
|
|