Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы
2020-жылдын 2-декабры № 42-8
Көк-Жар айыл өкмөтүнун башчысы С Минбаевдин 2020-жылдын 30-ноябрындагы №1214 сандуу сураныч каты жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевдин 2020-жылдын 30-ноябрындагы №1214 сандуу сураныч катына негиз, Көк-Жар айылынын борборунда жайгашкан эски клубдун бузулгандыгына байланыштуу максаттык багытын, базар катары пайдаланууга өзгөртүү максатында , "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комитетинин чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевдин 2020-жылдын 30-ноябрындагы №1214 сандуу сураныч катына негиз, Көк-Жар айылынын борборунда жайгашкан эски клубдун бузулгандыгына байланыштуу максаттык багытын, базар катары пайдаланууга өзгөртүү үчүн макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Жер адиси М. Калматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы , айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комитетине жана айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевге тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык төрагасы | О.Исаков |