Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы
2020-жылдын 2-декабры № 42-7
"Көк-Жар-Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Акматов Абдималиктин 2020-жылдын 1-декабрындагы № 5- сандуу сураныч катын кароо жөнүндө
"Көк-Жар-Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору А. Акматовдун 2020-жылдын 1-декабрындагы № 5-сандуу сураныч катына негиз, Көк-Жар айыл аймагы боюнча айылдардын четине мыйзамсыз ташташтанды таштоону токтотуу максатында, ишкананын өздүк бюджетинин эсебинен, видео көзөмөл орнотуу максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз, мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комитетинин чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Көк-Жар-Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору А. Акматовдун 2020-жылдын 1-декабрындагы №5-сандуу сураныч катына негиз, Көк-Жар айыл аймагы боюнча, айылдардын четине мыйзамсыз ташташтанды таштоону токтотуу максатында, ишкананын өздүк бюджетинин эсебинен, видео көзөмөл орнотуу жагына макулдук берилсин.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы "Көк-Жар-Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору А. Акматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комитетине жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык төрагасы | О. Исаков |