Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы
2020-жылдын 2-декабры № 42-5
Көк-Жар айыл өкмөтүнун башчысы С Минбаевдин 2020-жылдын 2-декабрындагы №1225 сандуу сураныч каты жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевдин 2020-жылдын 2-декабрындагы №1225 сандуу сураныч катына негиз, Борбаш айылынын тургуну Нишанова Айжаркын Базарбаевнанын, өзүнө караштуу турак-жайы 2002-2003-жылдардагы системалык каттоого кандайдыр бир себептер менен катталбай калгандыгын карап чыгып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комитетинин чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевдин 2020-жылдын 2-декабрындагы №1225 сандуу сураныч катына негиз, Борбаш айылынын тургуну Нишанова Айжаркын Базарбаевнанын, өзүнө караштуу турак-жайы 2002-2003-жылдардагы системалык каттоого өтпөй калгандыгына байланыштуу, каттоого макулдук берилсин.
2. Иш-кагаздарын даярдоо жана токтомду бекитип берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комитетине жана айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык төрагасы | О. Исаков |