Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы
2020-жылдын 2-декабры № 42-3
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Джолчиев Таабалдыга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Джолчиев Таабалдынын арызына негиз, турмуш шартка байланыштуу, уулу Жолчиев Жуманын үйүндө убактылуу жашап жаткан. 2020-жылдын 15-ноябрында жашап жаткан үйдө өрт чыгып , Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы №09/705 номерлүү аныктамасына негиз, үйдүн жыгач курулуштары жана үй-буюмдары күйгөн. Кайрадан оңдоп-түзөө үчүн акча каражаты жетишсиздигинен, ага материалдык жардам көрсөтүү максатында экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитети карап чыгып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Джолчиев Таабалдыга, айыл өкмөтүнүн бюджетинин резервдик фондунан 10 000 (он миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын айыл өкмөт башчысы С.Миңбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | О. Исаков |