Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы
2020-жылдын 2-декабры № 42-2
Көк-Жар айыл аймагында уюшулган "Улуу Тоо" байбичелер этнофальклордук тобунун
башчысы Пирматова Кимсандын сураныч катын кароо жөнүндө.
Көк-Жар айыл аймагында уюшулган "Улуу Тоо" байбичелер этнофальклордук тобунун башчысы Пирматова Кимсандын сураныч катын жана Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комитетинин сунуш долбоорун карап, таанышып чыгып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагында уюшулган, "Улуу Тоо" байбичелер этнофальклордук тобуна, эки тараптын макулдашуусу менен, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн эски кеңсесинен бир канаа ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | О. Исаков |