Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы
2020-жылдын 20-июну № 11-1
"2019-жылдын Мамлекеттик сатып алуулар боюнча аткарылган иштерди, "эскертүүдөгү" белгиленген иштерди текшерген комиссия курамдын маалыматы" жөнүндө
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаты, Мамлекеттик сатып алуулар боюнча аткарылган иштерди текшерүүдөгү комиссиянын төрагасы М.Ташиевдин билдирүүсүнө негиз, 2019-жылдын Мамлекеттик сатып алуулар боюнча аткарылган иштерди текшерүүдөгү жыйынтыгын угуп,талкуулап, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө 2019-жылдын Мамлекеттик сатып алуулар боюнча аткарылган иштердин "эскертүүдөгү" белгиленген айрым иштери "канааттандырарлык" деп табылсын.
2. Кожоке айылындагы К.Надиров көчөсүнө асфальт басуу үчүн уткан ОсОО "Монтаж-строй" ишканасына 1-июлга чейин билдирүү берип,сапаттуу аткарылышын тийиштүү мекемелер менен биргеликте 1 ай ичинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Юлдашевге , К.Кожоке айылындагы Карабаш көчөсүндөгү суу өтүүчү көпүрөнүн балансын аныктап,оңдоп түзөө үчүн ДЭП-37 ишканасына билдирүү берүү айыл башчы Т.Касиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
Н. Исанов айылдык төрагасы | М. Тойчуев |