Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы
2020-жылдын 20-июну № 11-2
"Кырк-Күңгөй" СПА нын насыясынынын кайтарымын жөнгө салуу"жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу "Кырк-Күңгөй" СПА нын насыясынын кайтарымын жөнгө салуу жөнүндө директор У.Коргонбаевдин билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу "Кырк-Күңгөй" СПА нын насыясынын кайтарымын жөнгө салуу үчүн 2020-жылга чейин аткарылган иштерге аудит жалдап,текшертүү жагы У.Коргонбаевге милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы Айылдык кеңешинин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Тургунбаевге жүктөлсүн.
Н. Исанов айылдык төрагасы | М. Тойчуев |