Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы
2020-жылдын 20-июну № 11-7
"Ар бир айылга жарнама тактайча орнотуу" жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу ар бир айылга жарнама тактайча орнотуу жөнүндө Т.Асаевдин билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу ар бир айылга жарнама тактайча орнотуу үчүн мыйзамдуу жолун карап чечүү жагы, жер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
Н. Исанов айылдык төрагасы | М. Тойчуев |