Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы
2020-жылдын 16-декабры № 41-1
Кареке айылынын тургуну маркум Момунов Эсеналига мини цехтерди куруу үчүн ажыратылып берилген 0,10 га жер участогун анын кызы Момунова Зарипа Эсеналиевнанын жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө.
Кыркол айылдык комитетинин №12 токтому менен 17.04.1995-жылы Момунов Эсеналиге мини цехтерди куруп Достук кичи ишканасын түзүү үчүн Караке айылынан 0,10га жер аянты бекитилип берилген, бирок мамлекеттик каттоонун системалык жер тартуусунда аталган жер аянты катталбай калгандыктан "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Т. Зулпуев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Караке айылындагы Достук ишканасын түзүү үчүн Момунов Эсеналиге ажыратылып берилген 0,10га жер аянты, Момунов Эсеналинин көзү өтүп кеткендигине байланыштуу анын кызы Момунова Зарипа Эсеналиевнанын жеке менчигине бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну жеке менчикке бекитип берүүнү Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылын көзөмөлдөөнү Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. М. Мурзаматов |