Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы
2020-жылдын 16-декабры № 41-6
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылына тартылган таза суунун эски трубаларын алмаштырууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылына тартылган таза суунун трубаларын алмаштыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү максатында Т. Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылына тартылган таза суунун трубаларын алмаштыруу үчүн айылдарга бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен каралсын.
2. Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга бөлүнгөн акча каражатын туура пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысы С. Мурзакулов милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин "экономика, бюджети, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына" тапшырылсын.
Төрага | Ж. Жусупбеков |