Редакцияот 16.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

 

2020-жылдын 16-декабры № 41-9

Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин2020-жылдын 16-декабрындагы 41-сессиясынын №15-протоколун аткарууга алуу жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылынын тургуну Каримова Кимияга жеке менчик турак жай багытындагы 1000,0 чарчы метр жер участогунун ичинен 25,0 чарчы метр жер тилкесинин максатуу пайдалануу багытын өзгөртүп уюлдук байланыштын мунарасын орнотууга уруксат берүү жөнүндө жазган арызын карап чыгып Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-18- беренелерин жетекчиликке алып.Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылынын тургуну Каримова Кимияга турак жай багытындагы 1000,0 чарчы метр жер участогунун ичинен 25,0 чарчы метр жер тилкесин максатуу пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.Ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Жусупбеков