Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 42-1
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүгүнө негиз айыл чарба багытындагы жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын кыртыштын бонитетин эске алуу менен ставкасын көтөрүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкаларын көтөрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүмүнүн негизинде,айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жер салыгы базалык ставканын 2 эсе өлчөмүндө бекитилсин
Суулуу жер - 1га 826 сом
Кайрак жер - 1га 124,6 сом
Бак жерлер - 1 га 466 сом
Чөп жай - 1 га 55,6 сом
2. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын бонитетин аныктоо убактылуу жер боюнча башкы адиси Ш.Султановго милдеттендирилсин.
3. Көрсөтүлгөн салык нормаларынын сакталышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Шамши уулу Мелиске милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Жусупбеков |