Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 42-2
Т. Зулпуев атындагы ай өкмөтүнүн жайыт айдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата божомол бюджетин бекитүү тууралуу
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө мурдагы "Бакыт үйүн" 1-2-кабатын калкты тейлөө борборун ачуу максатында мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине негизинде, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Т. Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата өндүрүмдүүлүгүн түзгөн жайыт акысы 582000 (беш жүз сексен эки мин) сом болуп бекитилсин. Анын ичинде 118000 (бир жүз он сегиз мин) сом жер салыгына, 94000(токсон төрт мин) сом соцфондго чегерүүгө, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чыгаша бөлүгүнө 370000(үч жүз жетимиш мин) сом болуп бекитилсин. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт акысына төгүлгөн, акча каражатты кайрадан толугу менен кайтарылып берилсин.
2. Техниканын ижара акысынан түшкөн акча каржаттын 3/2 пайызы жайыт комитетине кайтарылып берилсин.
3. 2021-жылга карата кабыл алынган бюджеттин аткарылышына максаттуу пайдалануу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Арапов Азиретке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика, бюджет, ишкердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Жусупбеков |