Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара - суу шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIII сессиясынын
2021-жылдын 13-январы № 13/2
Кара - Суу шаарынын 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жетекчиликке алып Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара - Суу шаарынын 2021-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 67479,1 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде: 8100,0 миң сом – атайын каражат.
2. Кара - Суу шаарынын 2021-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү тиркемелерде көрсөтүлгөн булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
3. 2021-жылга карата чыгашаларды каржылоо накталай алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (айлык акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.
1) Чыгашалардын корголгон статьялары бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош кызмат орундарына жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга байланыштуу азайтылышы мүмкүн;
2) Бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жана чыгашалардын статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик шаар мэрине, бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.
4. 2020-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2021-жылга карата бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана анын чегинде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.
5. Кара - Суу шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2021-жылдын 1-январына карата 10,0 миң сом суммасында бекитилсин.
6. Ар кандай салыктар жана жыйымдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан салынган айып акылар, жерди жана мүлктү ижаралоо үчүн төлөмдөр, түшкөн салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр - 100% шаардык бюджетте калат. Шаар мэриясына жана бюджеттик мекеме жетекчилерине атайын каражаттарды казыналык системадан сырткары пайдалануусуна тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы шаардык бюджеттин кирешесине алынып коюулары эскертилсин.
7. Тармактар боюнча чыгымдар төмөнкүдөй бекитилсин:
1) Башкаруу аппаратын кармоонун чыгымдары 9929,5 миң сом, анын ичинен:
2) шаардык кенешинин айлык акы 10334,5 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 153,0 миң сом.
3) шаар мэриясынын айлык акы 5078,0 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 751,0 миң сом, резерв фонду 593,0 миң сом.
4) Шаардык кенештин, шаар мэриясынын типтүү түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде, муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин типтүү түзүмү жана штаттык саны тиркемеге ылайык бекитилсин;
5) Шаардын муниципалдык департаментинин чыгымдары 19074,9 миң сом, анын ичинен 4673,3 миң сом 2020-жылдын калдыгы, айлык акы 3212,0 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 520,0 миң сом, 2021-жылы оңдоп-түзөө жана курулуш иштерине 11002,9 миң сом.
Аткарыла турган курулуш жана ремонттоо иштери:
Юбилейный кичи шаарчасынын кире беришиндеги жолдун эки жагына латок коюуга - 945300
Нариман көчөсүнө асфальт төшөөгө - 933195
Бейшеналиева көчөсүнө асфальт төшөөгө - 839813
Улуков көчөсүнө асфальт төшөөгө - 1196233
Нурахунов көчөсүндөгү Шарихан-Сай тарапка кеткен тупик көчөгө жалпы асфальт төшөө - 800000
Ленин көчөсүндөгү бетондон курулган тосмолорду актап сырдоо, оңдоп түзөө иштери - 150000
Нурахунов көчөсү, Султан Абад мааласи жалпы асфальт төшөө-1500000
Г.Айтиев менен МЭЗ көчөсүнүн кесилишкен жерине чейин темир жолго чейин латок коюу- 295569
Культурный көчөсүнө Навои көчөсүнө чейинки аралыкка жалпы асфальт төшөө - 1939144
Ош көчөсүнө жалпы асфальт төшөөгө -1003646
Л.Толстой көчөсүнө Хакимов көчөсүнө чейин латок коюуга-700000
Нурахунов, Космодемьянская, Орозбеков көчөлөрүнө шагыл төшөөгө-200000
2020-жылы жасалган долбоордук сметалык документ иштерине-150000
Ж.Бөкөнбаев эс алуу багын көрктөндүрүүгө - 350000
Шаарда 2021-жылы жүргүзүлө турган курулуш, оңдоо иштеринин долбоордук сметалык документтери Кара-Суу шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы менен макулдашуунун негизинде даярдалсын.
6) Коммуналдык тейлөөнүн чыгымдары 18292,0 миң сом, анын ичинен айлык акы 888,0 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 154,0 миң сом, субцидиялар 14710,0 миң сом, мындан Ак-Мээнет АК ижара -9100,0 миң сом, Кара-Суу Таза-Суу мунуципалдык ишканасына-сууга материалдык жардам 600,0 миң сом, кредиттин пайыздык төлөмдөрүн төлөөгө 4800,0 миң сом, дем берүүчү грант үчүн 2540,0 миң сом;
7) Спорт жана маданият тармагы 1500,0 миң сом.
8) Манас стадионунун чыгымдары 487,0 миң сом, анын ичинен айлык акы 296,0 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 51,0 миң сом;
9) 16 кварталдык комитеттердин төрагаларынын, аксакалдар кеңешинин жана аксакалдар сотунун төрагаларынын айлык акы 888,0 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 153180 сом;
10) Мектепке чейинки мекемелеринин чыгымдары 6053,0 миң сом, анын ичинен тамак-аш сатып алууга 4083,0 миң сом;
11) Билим берүү мекемелеринин чыгымдары 6613,0 миң сом;
12) Социалдык коргоо тармагы 2103,0 миң сом
8. Кара - Суу шаар мэриясы 2021–жыл ичинде жергиликтүү бюджетти аткарууда төмөндөгүлөрдү киргизүүгө укуктуу:
- эгерде бул шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдо бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүүлөргө;
- керектүү учурларда бюджеттин чыгашалар бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу акча каражатын шаардык кенеште каралганга чейин шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен иштетүүгө;
- кирешелердин болжолдонгон кирешелеринин ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен шаардын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
- тиешелүү органдар тарабынан кабыл алган ченемдик актыларды кабыл алуудан келип чыгуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджети менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду киргизүүгө;
- бекитилген планга тактоонун негизинде өзгөртүү киргизүүгө
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011–жылдын 30– декабрындагы №767 жана 2006–жылдын 18-сентябрындагы №672 токтомдоруна ылайык менчик жеңил автоуналарын кызматтык максаттарга пайдалангандыгы үчүн шаардын вице - мэрине сметада каралган күйүүчү майларды жана авто оңдоого кетүүчү чыгымдарга каражат бөлүп берилсин.
10. Ушул токтом 2021-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин, бул токтомдун аткарылышы шаардын мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кенештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Р.Х.Хатамов |