Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ЖЕТИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫНЫН
2021-жылдын 13-январы № 13/7
Аялдарга, балдарга жана эркектерге карата зомбулукту,
анын ичинен үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча
түзүлгөн комитеттеринин иш планы жөнүндө
Аялдарга, балдарга жана эркектерге карата зомбулукту, анын ичинен үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча түзүлгөн комитеттеринин иш-планын карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аялдарга, балдарга жана эркектерге карата зомбулукту, анын ичинен үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча түзүлгөн комитеттеринин 2021-жылга иш-планы бекитилсин.
2. Иш-планда көрсөтүлгөн иш-чаралар мөөнөтүндө, кынтыксыз аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Р.Х.Хатамов |
Кара-Cуу шаардык кеңешинин
2021-жылдын 13-январындагы
ХIII сессиясынын №13/7
токтому менен бекитилди
Аялдарга, балдарга жана эркектерге карата зомбулукту, анын ичинен үй-бүлөлүк
зомбулуктун алдын алуу боюнча түзүлгөн комитеттеринин иш-чаралаынын планы
№ | Иш-чаралар | Максат | Мөөнөтү | Жооптуулар |
| Комитеттин ишмердиги жөнүндө маалыматтарды кварталдык комитеттеринин төрагаларынын арасында таратуу | Үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүүгө, мажбурлоочу жана эрте никелешүүнү жоюуга багытталган, КР ӨЭА жөнүндө маалымдоо | 2021-жылдын июль-август айлары | Комитеттин төрагасы |
| Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылууларды эсепке алуу | Кайрылуучулардын маалыматтарын чогултуу | Кайрылган сайын | Комитеттин мүчөлөрү |
| Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук болгондугу жөнүндө кайрылгандарга жардам көрсөтүү үчүн маалыматты берүү | Кайрылгандарга алардын укуктары жөнүндө маалымат берүү | Кайрылган сайын | Комитеттин мүчөлөрү |
| Үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгы боюнча каттоого алынган адамдар менен, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн же жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчүнүн катышуусунда алдын ала иштерди уюштуруу жана өткөрүү, маалыматтарды берүү | КРнын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамы, анын ичинде Оңдоп-түзөө программасы жана коргоо ордери бөлүгү боюнча маалыматтарды берүү | 2021-жылдын июль-август айлары | Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү же жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчү
|
| Аялдар кеңешинин жана аксакалдар сотунун төрагаларын катышуусунда кайын энелер менен маалыматтык жолугушууну уюштуруу жана өткөрүү | Үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүүгө, мажбурлоочу жана эрте никелерди жоюуга багытталган, КРнын ӨЭА жөнүндө маалымдоо | Август -сентябрь айлары | Аялдар кеңешинин жана аксакалдар сотунун мүчөсу, Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү же жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчү |
| Жаштардын же кыздардын катышуусу менен «Футбол - үй-бүлөлүк зомбулукка каршы» футбол жарышын уюштуруу жана өткөрүү | Үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүүгө, мажбурлоочу жана эрте никелерди жоюуга багытталган, КРнын ӨЭА жөнүндө маалымдоо | 2021-жылдын сентябрь-октябрь айлары | Жаштар комитетинин мүчөсү, Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү же жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчү |
| Орто мектептердин окуучуларынын катышуусунда ата-энелердин чогулуштарын жана класстык сааттарды уюштуруу жана өткөрүү | Үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүүгө, мажбурлоочу жана эрте никелерди жоюуга багытталган, КРнын ӨЭА жөнүндө маалымдоо | 2021-жылдын сентябрь-ноябрь айлары | Социалдык педагог, Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү же жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчү |
| «Кыздардын укугун коргойбуз» эл аралык күнүн уюштуруу жана өткөрүү: «Кыздардын кыялдары» сүрөт конкурсу «Кыздарга эмне керек?» дилбаяндар конкурсу Кыздардын репродуктивдик денсоолугу боюнча маалыматтык лекция | Үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүүгө, мажбурлоочу жана эрте никелерди жоюуга багытталган, КРнын ӨЭА жөнүндө маалымдоо | 2021-жылдын 11-октябры | Социалдык педагог, Аялдар кеңешинин жана аксакалдар сотунун мүчөсу, Үй-бүлөлүк дарыгер же фельдшер, Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү же жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчү |
| «Зомбулукка каршы 16 күн» кампаниясынын алкагында «Зомбулуксуз бактылуу үй-бүлө» спорттук иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү | Үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүүгө, мажбурлоочу жана эрте никелерди жоюуга багытталган, КРнын ӨЭА жөнүндө маалымдоо | 2021-жылдын 25-ноябрь-10-декабрь айлары | Комитеттин мүчөлөрү, Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү же жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчү |
| Жергиликтүү аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин катышуусу менен Комитеттин мүчөлөрүнүн жумушчу отурумдарын өткөрүү | Иш-чараларды өткөрүүнүн натыйжаларын талкуулоо жана жасалып жаткан зомбулуктарды каттоо | Кварталына 1 жолу: 2021-жылдын 20-сентябрында жана 20-декабрында | Комитеттин төрагасы |
Башкы адис Р.Джумашева