Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ЖЕТИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫНЫН
2021-жылдын 13-январы № 13/10
Кара-Суу шаарындагы №112 Манас атындагы орто мектебинин имаратынын сыртын капиталдык оңдоо үчүн жергиликтүү
бюджеттен өздүк салым кошуу жөнүндө
Кара-Суу шаарынын билимберүү мекемелерине республикалык бюджеттен үлүштүк грант алуу сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаарындагы №112 Манас атындагы орто мектебинин имаратынын сыртын капиталдык оңдоого республикалык бюджеттен алынуучу түрткү берүүчү грант үчүн жергиликтүү бюджеттен 611507 (алты жүз он бир миң беш жүз жети) сом өздүк салым үчүн бөлүнсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Р.Х.Хатамов |