Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ЖЕТИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫНЫН
2021-жылдын 13-январы № 13/14
Жеке ишкерлерди убактылуу ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаменти менен муниципалдык жерлерди убактылуу пайдаланууга ижара келишимин түзгөн 87 ижарачыны тажы ылаңына карата өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 2020-жылга ижара акысынан бошотуу маселесин карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тажы ылаңына карата өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаменти менен муниципалдык жерлерди убактылуу пайдаланууга ижара келишимин түзгөн төмөндөгү жеке ишкерлер 2020-жылга карата ижара акысынан бошотулсун:
Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багы - 400000 сом;
Газпром “Балдардын ден соолугун чыңдоо борбору” – 150000 сом;
85 жеке ишкердин 2 айлык ижара акылары – 163396 сом
2. Шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмү, Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаменти бул багытта тийиштүү иштерди алып барышсын.
3. Токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Р.Х.Хатамов |