Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ЖЕТИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫНЫН
2021-жылдын 13-январы № 13/15
Шаарда дарактарды жана арчаларды формавкалоо жөнүндө
Шаардагы айлампа жолдун боюндагы, билим берүү жана мектепке чейинки мекемелеринин, ишканалардын аймагындагы кооптуу кургап калган дарактарды кыюу, чаржайыт өскөн дарак жана арчаларды формавкалоо жана мэриянын имаратынын алдында өскөн 15 түп арчанын 11 түбүн башка жакка көчүрүү маселесин карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардагы айлампа жолдун боюндагы, билим берүү жана мектепке чейинки мекемелеринин, ишканалардын аймагындагы кооптуу кургап калган дарактарды кыюуга, чаржайыт өскөн дарак жана арчаларды формавкалоого жана мэриянын имаратынын алдында өскөн 15 түп арчанын 11 түбүн башка жакка көчүрүүгө уруксат берилсин.
2. Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаменти бул багытта мыйзам чегинде тийиштүү иштерди алып барышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Р.Х.Хатамов |