Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VI шайланган кезексиз ХХХII отурумунун
2021-жылдын 03-февралы № 32/1
Согонду айылынын “Согонду-2” көчөсүнүн чолок көчө (переулок) атын өзгөртүп , ушул көчөдө жашап өткөн Капаров Сатынын атын ыйгаруу боюнча жашоочулардын өткөрүлгөн элдик жыйындын 2020-жылдын 25-декабрындагы №1 протоколун бекитүү жөнүндө.
Согонду айылынын “Согонду-2” көчөсүнүн чолок көчө (переулок) атын өзгөртүп , ушул көчөдө жашап өткөн Капаров Сатынын атын ыйгаруу боюнча жашоочулардын өткөрүлгөн элдик жыйындын 2020-жылдын 25-декабрындагы №1 протоколун бекитүү боюнча айыл өкмөт башчы Н.Матановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Согонду айылынын “Согонду-2” көчөсүнүн чолок көчө (переулок) атын өзгөртүп, ушул көчөдө жашап өткөн Капаров Сатынын атын ыйгаруу боюнча жашоочулардын өткөрүлгөн элдик жыйындын 2020-жылдын 25-декабрындагы №1 протоколу бекитилсин.
2.Согонду айылынын “ Согонду-2” көчөсүнүн чолок көчөгө (переулок) Капаров Сатынын аты ыйгарылсын.
3.Көчөнүн аталышын жазуу, көчөгө жарыктандыруу коюу, жолду тегиздөө С.Капаровдун үй-бүлөөсүнө тапшырылсын.
4.Тийиштүү иш кагаздарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын мыйзам укук тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Айдаралиев |
Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Согонду-2 чолок көчө (переулок) жашоочуларынын элдик жыйынынын
ПРОТОКОЛУ №1
Согонду айылы. 25.12.2020-жыл
Чогулушка катышкандар 29 адам. Чогулушбашчысы: А.Арзиев катчысы: Ч.Ыдырысова
Күн тартибиндеги маселе: Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Согонду-2 көчөсүнүн атын өзгөртүп ,ушул көчөдө жашап өткөн Капаров Сатынын атын ыйгаруу жөнүндө.
Угулду: Чогулуштун күн тартибиндеги маселе боюнча чогулуштун башчысы мектеп мугалим Сүйөркүл Арзиев жыйынды ачып кыскача төмөндөгүлөргө токтолду: Урматтуу жамаат мүчөлөрү өзүңүздөргө белгилүү болгондой биздин көчө чолок көчөнүн аты “Чыр Дөбө”.Албетте бул ат көптөн бери бизди канааттандырбайт.Ар кимибиз күлүп коюп гана тим болобуз.Биздин көчөдө айылыбызга элн эмес,жапы районго белгилүү кишилер жашап өтүшкөн.Алсак Бакалбаев Ысак,Капаров Бадир,Капаров Закирбай , тирүүлөрдөн Арзиева Бүниса жана башкалар. Бүгүнкү күндө ал адамдар тирүү кезиндекидей эле урмат сый менен алардын атын атап боло турган иштерин сыймыктануу менен айтып жүрөбүз.Өткөндү билбей турупа келечектеги жакшы ойлорду турмушка ашырууну максат кылбасак бүгүнкү эле көр тиричилик менен күрөшкөнүбүз бизге ийгилик алып келбейт. Көчөнүн атын өзгөртүү маселеси боюнча ой,Саты акенин уулд ,кыздарынын оюна келип,өз смунуштарын ортого салып жатышат.Учурдун талабына ылайык жашоо шарттарыбызды жакшыртуу максаттарын демигелеп жатышат.Бул ойду ишке ашыруу максатында көчөбүздү түнкү жарыктандыруу менен камсыз кылып жолдорубузду өз каражэаттары менен оңдөп берүүнү убада кылуушуда.Бул иштерди бизге бирөө жасап бербейт.Өкмөттүн дакуржуну чамалуу.Ошондуктан ушул сунушка силердин оз карашынарды билгибиз келет. Кандайдейсиздер? Жарыш сөзгө чыгып төмөндөгүлөр сөз сүйлөштү.
1.Калыева Курманбү-пенсионер.
Урматтуу туугандар! Биз баарыбыз Саты тагамды жакшы билебиз.Кошо бир заманда жашадык,мактоого татыктуу эле.Ушул көчөдөгү үйлөрдүн салынышына эмгеги бар экенин ата-энелерибиз айтышчу.Анда Саты тагабыз жаш кези экен.Шофер болуп иштеп,кум,шагылдарын ташып ар бир үй бүлөөгө жардамын аяган эмес эле дешет.Анын эмгегин билгендердин көбүн көзү өтүп кетти.Саты тагамдын атын ыйгарсак жакшы болот эле деп эсептейм.
2.Ысмаилова Айзат-мугалим.
Мен дагы жогорудагы сунушту колдойм,Көчөбүз жакшырса өзүбүз үчүн эле жакшы да.Авабыздын атын көчөбүзгө койсок баарыбыз эле кубанат элек.Жакшы болмок.
3.Капаров Мунарбек-иштебейт.
Авамдын атын коюуга макулмун. Биз баарыбыз эле бир атанын балдарыбыз.Каршылык жок.
4.Турдубекова Урматкан-балдар бакчасынын тарбиячысы.
Мен да макулмун.Саты акенин адамдык жакшы сапаттарын көп көргөмүн.Атын көчөгө койсок жарашат.
5.Ыдырысова Чынаркан-пенсионер.
Биздин үй бүлөө да толугубуз менен колдойбуз.Ушул маселе боюнча чогулушубуздун токтомун,арызыбызды өкмөт менен депутаттарга берсек.Бекитип беришсин.Улуу муундагы көчө тургундары баарыбыз Саты акенин адамгерчилигин,еклк мүнөзүн жана башка сапаттарын жакшы билебиз.Атын койсок жакшы болот.Балдар-кыздарыв андан башка да көпчүлүккө тиешелүү маселелерди чечип берээрине толук ишенем
6.Аматова Салия-пенсионер.
Туугандар биздин демилгени колдогонунуздарга терең ыраазычылык билдирем.Мен “Баатыр эне”катары,балдарым эл кызматын кылышса дейм.Силердин суроо-талабынар жерде калбайт.Сөзсүз аткарылат.”Ынтымак бар жерде ырыс бар”силерге ыраазычылык билдиремин.
Жарыш сөзгө Байбатьчаева Бурул,Бопонова Максат,Тургуналиева Айгүлдөр сөз сүйлөштү жана жогорудагыларга кошуларывн билдиришти.
Жалпы чогулуш күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Согонду-2 чолок көчө (переулок) көчөдө жашап өкөн Саты Капаровдун аты ыйгарылсын.
2.Көчөнү толук бойдон учурдун талабына ылайык көрктөндүрүү,түнкү чырактар менен камсыздоо,машина жолубузду тегиздеп шагыл төшөп жакшыртуу, Саты Капаровдун үй-
бүлөөсүндөгү баплдарына милдеттендирилсин жана С.Арзиевдин үйүнөн Ч.Ыдырысованын үйүнө чейинки үйлөрдүн жалпы саны 10 (он).
3.Ушул токтомду бекитип берүү Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдон жана айылдык кеңештин депутаттарынан суралсын.
4.Үйлөрдү катар номери менен жаздырып ,сандарды кадап берүү С.Капаровдун үй-бүлөөсүнө милдеттендирилсин.
Чогулуштун башчысы: А.Арзиев
Чогулуш катчысы: Ч.Ыдырысова