Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VI шайланган кезексиз ХХХII отурумунун
2021-жылдын 03-февралы № 32/2
Согонду айылынын “Согонду-2 “ көчөсүнүн атын өзгөртүп , ушул көчөдө жашап өткөн Аттокуров Гадинин атын ыйгаруу боюнча жашоочулардын өткөрүлгөн элдик жыйындын 2021-жылдын 21-январындагы №1 протоколун бекитүү жөнүндө.
Согонду айылынын “Согонду-2” көчөсүнүн атын өзгөртүп ушул көчөдө жашап өткөн Аттокуров Гадинин атын ыйгаруу боюнча жашоочулардын өткөрүлгөн элдик жыйындын 2021-жылдын 21-январындагы №1 протоколун бекитүү боюнча Согонду айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу Муса уулу Кылычбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Согонду айылынын “Согонду-2” көчөсүнүн атын өзгөртүп ушу көчөдө жашап өткөн Аттокуров Гадинин атын ыйгаруу боюнча жашоочулардын өткөрүлгөн элдик жыйындын 2021-жылдын 21-январындагы №1 протоколу бекитилсин.
2. Согонду айылынын “Согонду-2 “ көчөсүнө Аттокуров Гадинин аты ыйгарылсын.
3. Көчөнүн аталышын жазуу , жолду тегиздөө , көчөнүн тазалыгын көзөмөлдөө , таза суу , сугат суу маселесин чечүүдө материалдык жардам берүү жагы Г.Аттокуровдун үй-бүлөөсүнө тапшырылсын.
4.Тийиштүү иш кагаздарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын мыйзам укук тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Айдаралиев |
Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Согонду-2 көчөсүнүн жашоочуларынын жалпы чогулушунун
ПРОТОКОЛУ №1
Согонду айылы. 21.01.2021-жыл
Чогулушка катышкандар 51 адам. Чогулушбашчысы: Муса уулу Кылычбек. катчысы: Т.Кеңешов.
Күн тартибинде каралуучу маселелер: 1. Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Согонду-2 көчөсүнүн атын өзгөртүп ,ушул көчөдө жашап өткөн Аттокуров Гадинин атын ыйгаруу жөнүндө.
УГУЛДУ: Күн тартибиндеги маселе боюнча жыйынды Ленин айыл өкмөтүнүн айыл башчысынын милдетин аткаруучу Муса уулу Кылычбек ачып кыскача сөз сүйлөп төмөндөгүлөргө токтолду. Урматтуу бүгүнкү жыйындын катышуучулары сиздерди биринчиден 2021-жаны жылыныздар менен куттуктайм. Сиздер менен жыйын өтүп жатканыбыздын себеби Согонду айылынын тургуну Аттокуров Гади агабызды баардыгыныздар билесиздер. Көп жылдан бери ар түрдүү тармактарда иштеп эмгеги сиңген ардактуу эс алууда жүрүп, 2020-жылдын апрель айында каза болгон. 3 уул 4 кызды татыктуу тарбиялап бүгүнү күндө ар түрдүү кесиптин ээси болуп, ар кайсы жакта иштеп жүрүшөт. Аттокуров Гади агабызды бир эле биз эмес райондо,областта таанымал. Ар түрдүү кызматтарда иштеп өзүнүн эмгек жолунда жогорку жактан ардак грамота,медалдар менен сыйланган. Ушул көчөгө атын койгонго татыктуу деп ойлойм.Сиздердин ой-пикириниздер кандай , эмне дейсиздер.
Жарыш сөзгө чыккандар :
1.Барынбаев Айылчы-Согонду айылынын тургуну,пенсионер.
Урматтуу жолдоштор! Биз баарыбыз Аттокуроа Гадини жакшы билебиз.Кошо бир заманда жашадык,мактоого татыктуу. Айыл аймагындагы мектепте мугалим, совхоздо директор, райондо жетекчи болуп ар түрдүү кызматтарда иштеп келген. Менин сунушум ушул көчөгө Аттокуров Гадинин атын ыйгарсак жакшы болот.Анан дагы уул балдарына айтайын дегеним ушул көчөнүн жолдоруна көнүл бөлүп ремонт жасала турган жерлерин карап жүрүшсүн.
2.Манкиев Ысак-Согонду айылынын туругну , пенсионер.
Урматтуу жолдоштор! Мен дагы жогорудагы сунушту колдоймун. Мектепти, жогорку окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүп келип , алгачкы эмгек жолун мектепте математика мугалими болуп иштеп баштаган.Андан кийин райондо элдик көзөмөл комитетинин төрагасы, райондо член бюро жана башка ар түрдүү кызматтарда иштеп келген. Көчөгө ат коюуда татыктуу инсанды тандадык. Ушу көчөдө жашаган. Айта берсек ал кишинин эмгектери эл үчүн аябагандай көп.
3.Арзиев Сүйөркул-Согонду айылынын тургуну, С.Жаанбаев атындагы орто мектептин мугалими.
Урматтуу жыйындын катышуучулары! Заманыбыз өзгөрүп жакшы жашоо болуп жатат. Биздин айылда көчөлөрө ат коюу жок эле. Бул да болсо жакшы жөрөлгө . Көчөлөрүбүзгө татыктуу инсандардын атын ыйгарсак . Аттокуров Гади аганын атын койгонго макулмун.Бул ака менен бир нече жыл кошо иштедим мугалим болуп. Ошол мезгилде кошо иштеген мугалимдерге арнап жазган ырым бар эле. Ошону сиздердин эсиниздерге салып окуп берип коеюн.
4.Кеңешов Токтосун- Согонду айылыны тургуну, пенсионер.
Аттокуров Гади агай 1966-1968-жылдары бизди математика сабагынан окуткан. Берген билими аябай күчтүү болгон. Баардыгыбыз математикадан жакшы билчүүбүз.Ошол берген билими эмдигиче эсибизде. Адамгерчиликтүү улууну урматтап кичүүлөргө берген акыл насааттарын жакшы билебиз.
5. Жакыпова Авазкан- Согонду айлынын тургуну,пенсионер.
Жогорудагы жолдоштордун сунушун мен дагы колдоймун.Биз абдан сүйүнүчтөбүз.Согонду айылынын баласы деп сыймыктанган инсан эле Аттокуров Гади.Баланы не деп тарбиялабайт.Ушул маселени көтөрүп чыккан балдарына , кыздарына чоон рахмаатыбызды айтабыз.
6.Сарыков Шермат-Согонду айылынын тургуну,пенсионер.
Мен Аттокуров Гади аканы 1965-жылдан бери билем.Ушул көчөгө атын ыйгарганга ылайыктуу. Эмгеги синген өз ишин так,жоопкерчиликтүү иштеп бир нечелеген сыйлыктардын ээси.Үй бүлөөсү үлгүлүү үй-бүлөөлөрдөн бардык жактан төп келген инсан. Бул аганын атын койгонго мен макулмун. 7.Эгембердиев Бакыт-Согонду айылынын тургуну,С.Жаанбаев атындагы орто мектебинин мугалими. Мен Аттокуроа Гади агай менен кошо иштегенмин. Ал агайдан бир топ тажрыйба алып үйрөнгөнмүн. Анын жаш кадрларга практикалык жардам берип,аларды бир топ ийликитерге жеткиргенин билем. Берген билимин эч кимден аяган эмес.Ушул көчөгө атын койгонго мен макулмун.
Жарыш сөздү токтотсок деген сунуш тушуп жатат.Андан кийин жарыш сөзгө Д.Осмонов Р.Кенжебаев, Б.Маманова, Б.Алиевдер чыгып сүйлөшүп бир добуштан колдошту. Жогорудагылардын негизинде Согонду айылынын Согонду-1 көчөсүнүн жашоочуларынын жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын Согонду-2 көчө ушул көчөдө жашап өткөн ардактуу инсан Аттокуров Гадинин атына коюлсун.
2.Көчөнүн жолдорун оңдоп түзөөдө материалдык жактан жардам берүү,тазалыкты көзөмөлдөө жана таза суу, сугат суу маселесин чечкенге аракет кылуу жагы Г.Аттокуровдун үй-бүлөөсүнө тапшырылсын..
3.Ушул токтомду бекитип берүү Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдон жана айылдык кеңештин депутаттарынан суралсын.
4.Үйлөрдү катар номери менен жаздырып ,сандарды кадап берүү Аттокуровдун үй-бүлөөсүнө милдеттендирилсин.
Чогулуштун башчысы: Муса уулу Кылычбек.
Чогулуш катчысы: Т.Кеңешов.