Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VI шайланган кезексиз ХХХII отурумунун
2021-жылдын 3-февралы № 32/3
Согонду айылынын “Согонду-2” көчөсүнүн атын өзгөртүп , ушул көчөдө жашап өткөн Апсатаров Аширбайдын атын ыйгаруу боюнча жашоочулардын өткөрүлгөн элдик жыйындын 2021-жылдын 27-январындагы №2 протоколун бекитүү жөнүндө.
Согонду айылынын “Согонду-2” көчөсүнүн атын өзгөртүп ушул көчөдө жашап өткөн Апсатаров Аширбайдын атын ыйгаруу боюнча жашоочулардын өткөрүлгөн элдик жыйындын 2021-жылдын 27-январындагы №2 протоколун бекитүү боюнча Согонду айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу Муса уулу Кылычбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Согонду айылынын “Согонду-2” көчөсүнүн атын өзгөртүп ушул көчөдө жашап өткөн Апсатаров Аширбайдын атын ыйгаруу боюнча жашоочулардын өткөрүлгөн элдик жыйындын 2021-жылдын 27-январындагы №2 протоколу бекитилсин.
2. Согонду айылынын “Согонду-2” көчөсүнө Апсатаров Аширбайдын аты ыйгарылсын.
3. Көчөнүн аталышын жазуу , жолду тегиздөө , көчөнүн тазалыгын көзөмөлдөө , таза суу , сугат суу маселесин чечүүдө материалдык жардам берүү жагы А.Апсатаровдун үй-бүлөөсүнө тапшырылсын.
4.Тийиштүү иш кагаздарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын мыйзам укук тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Айдаралиев |
Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Согонду-2 көчөсүнүн жашоочуларынын жыйынынын
ПРОТОКОЛУ № 2
Согонду айылы. 27.01.2021-жыл
Чогулушка катышкандар 27 адам. Чогулуш башчысы: А.Матеипов катчысы: А.Апсатаров
Күн тартибинде каралуучу маселелер: 1. Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Согонду-2 көчөсүнүн атын өзгөртүп, ушул көчөдө жашап өткөн Апсатаров Аширбайдын атын ыйгаруу жөнүндө.
УГУЛДУ: Күн тартибиндеги маселе боюнча жыйынды Ленин айыл өкмөтүнүн ВУС кызматкери А.Матеипов ачып кыскача сөз сүйлөп төмөндөгүлөргө токтолду. Урматтуу бүгүнкү жыйындын катышуучулары сиздерди биринчиден 2021-жаны жылыныздар менен куттуктайм. Сиздер менен жыйын өтүп жатканыбыздын себеби Согонду айылынын тургуну Апсатаров Аширбай агабызды баардыгыныздар билесиздер. Көп жылдан бери ар түрдүү тармактарда иштеп эмгеги сиңген ардактуу эс алууда жүрүп, каза болгон. 5 кыз ,2 уулду тарбиялап өстүргөн. Алар ар жакта иштеп жүрүшөт.Апсатаров Аширбай агабызды угуп жүргөнсүздөр совхоз колхоздо көп жыл актив болуп иштеген.Ушул көчөгө атын койгонго татыктуу деп ойлойм. Көчөгө аты коюлса көчөбүздүн жолдорун, сууларын жарыктарын иретке келтирип ондоп турганга уулу Алтымыш жеке ишкер,колунан келет .Сиздердин ой-пикириниздер кандай , эмне дейсиздер.
Жарыш сөзгө чыккандар :
1.Көчкөнбаев Эргешбай -Согонду айылынын тургуну,пенсионер.
Урматтуу жолдоштор! Биз баарыбыз Апсатаров Аширбай аганы жакшы билебиз.Кошо бир көчөдө жашадык,мактоого татыктуу. Айыл аймагындагы совхоздо колхоздо ар түрдүү иште иштеп келген. Менин сунушум ушул көчөгө Апсатаров Аширбайдын атын ыйгарсак жакшы болот.Анан дагы уул балдарына айтайын дегеним ушул көчөнүн жолдоруна көнүл бөлүп ремонт жасала турган жерлерин жасап ,тазалыгына көз салып жүрүшсүн.
2.Жанибеков Баатырбек-Согонду айылынын туругну , пенсионер.
Урматтуу жолдоштор! Мен дагы жогорудагы сунушту колдоймун. Молотов колхорзунда башкарма болуп иштеген. Көчөгө ат коюуда татыктуу инсанды тандадык. Ушу көчөдө жашаган. Айта берсек ал кишинин эмгектери эл үчүн аябагандай көп.
Жарыш сөздү токтотсок деген сунуш түшүп жатат.Андан кийин жарыш сөзгө К.Турдубеков,М.Алиев,Ш.Жээнбековдор чыгып сүйлөшүп бир добуштан колдошту. Жогорудагылардын негизинде Согонду айылынын Согонду-2 көчөсүнүн жашоочуларынын жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын Согонду-2 көчө ушул көчөдө жашап өткөн ардактуу инсан Апсатаров Аширбайдын атына коюлсун.
2.Көчөнүн жолдорун оңдоп түзөөдө материалдык жактан жардам берүү, тазалыкты көзөмөлдөө жана таза суу маселесин чечкенге аракет кылуу жагы А.Апсатаровдун үй-бүлөөсүнө тапшырылсын..
3.Ушул токтомду бекитип берүү Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдон жана айылдык кеңештин депутаттарынан суралсын.
4.Үйлөрдү катар номери менен жаздырып ,сандарды кадап берүү А.Апсатаровдун үй-бүлөөсүнө милдеттендирилсин
Чогулуштун башчысы: А.Матеипов.
Чогулуш катчысы: А.Апсатаров