Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VI шайланган кезексиз ХХХII отурумунун
2021-жылдын 03-февралы № 32/5
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы муниципалдык менчиктеги убактылуу пайдаланууга алган жер участокторунун ижара акысынын баасын бекитүү жөнүндө.
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы муниципалдык менчиктеги убактылуу пайдаланууга алган жер участокторунун ижара акысынын баасын бекитүү боюнча жер адиси А.Алиевдин 2021-жылдын 3-февралындагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31 беренесинин 3-5-пукттарынын негизинде Ленин айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн жер адиси Алиев Арапбайдын билдирүүсү эске алынсын.
2.Ленин айыл өкмөтүндөгү муниципалдык жерлердин убактылуу пайдалануу үчүн ижара акысы бир жылына төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
-1,0 чарчы метрден-20,0 чарчы метрге чейин ар бир чарчы метрине 100 сом -21,0 чарчы метрден-50,0 чарчы метрге чейин ар бир чарчы метрине 80 сом -51,0 чарчы метрден-100,0 чарчы метрге чейин ар бир чарчы метрине 60 сом -101 чарчы метрден-200гө чейин метрге чейин ар бир чарчы метрине 40сом -201 чарчы метрден жогоркуларга 20 сомдон болуп бекитилсин.
3.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана салык боюнча башкы адис Т.Сурановго тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Айдаралиев |