Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VI шайланган кезексиз ХХХII отурумунун
2021-жылдын 03-февралы № 32/6
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы муниципалдык менчикте турган айыл чарбасына жараксыз түшүмдүүлүгү начар, жер көчкү жүргөн сай, канал боюндагы жана жар алдындагы жерлерден убактылуу көрктөндүрүү үчүн берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө.
Ленин айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Алиевдин 2021-жылдын 3-февралындагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31 беренесинин 2-5-пукттарынын негизинде Ленин айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы муниципалдык менчикте турган айыл чарбасына жараксыз түшүмдүүлүгү начар , жер көчкү жүргөн сай, канал боюндагы жана жар алдындагы жерлер жер кодексинин 7-беренесинин негизинде убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берилсин.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында убактылуу пайдаланууга, көрктөндүрүүгө берилген жерлер Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 8-беренесинин 3-пунктуна ылайык пайдалануу ижара акысы айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарга жердин асылдуулугуна жараша бир сотых жерге 50 сомдон 100 сомго чейин бекитилсин.
3.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана салык боюнча башкы адис Т.Сурановго тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Айдаралиев |