Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VI шайланган кезектеги XХXIII отурумунун
2021-жылдын 1-марты № 33/1
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн ОК жана жер боюнча башкы адиси А.Алиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн ОК жана жер боюнча башкы адиси А.Алиевдин билдирүүсү эске алынсын .
2.Жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүүдө колдо болгон айыл чарба шаймандарын, техникаларын ондоо , жарактуу абалга келтирүү , элди картошка,арпа, буудай урук, күйүүчү май,(солярка) менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлсүн.
3.Планда белгиленген уруктарды өз мөөнөтүндө себүүнү колго алуу, кышка карата тоютту камдоого азыртан көңүл буруу жана жакынкы, алыскы жайыттарды көрүү боюнча уюштуруу иштери жүргүзүү айыл башчылар Б.Максутбаевге, Н.Бубаевге, А.Айтманбетовго , Муса уулу Кылычка милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановго тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Айдаралиев |