Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VI шайланган кезектеги XХXIII отурумунун
2021-жылдын 1-марты № 33/2
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Күн-Элек, Гагарин айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасы Ош областы Алай району Ле Ленин айылдык Кеңеши КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА Ошская область Алайский район Ленинский айыльный Кенеш Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Күн-Элек, Гагарин айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү боюнча айыл башчылардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Күн-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү боюнча айыл башчылдардын билдирүүлөрү эске алынсын.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Күн-Элек, Гагарин айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн жана жайлоого көчүү мөөнөтү аба ырайына карап 2021-жылдын 1-майынан баштап көчүрүлсүн, көчүп келүү мөөнөтү 1-сентябрга белгиленсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Айдаралиев |