Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VI шайланган кезектеги XХXIII отурумунунТОКТОМУ № 33/3
2021-жылдын 01-марты № 33/3
Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Күң-Элек айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун 2021-жылдын 24-февралдагы №6 протоколу жөнүндө
Кыргыз Республикасы Ош областы Алай району Ле Ленин айылдык Кеңеши Кыргызская Республика Ошская область Алайский район Ленинский айыльный Кенеш Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Күң-Элек айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун 2021-жылдын 24-февралдагы №6 протоколу боюнча айыл башчы А.Айтманбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күн-Элек айылындагы мурунку №31 «Күң-Элек» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин атын өзгөртүп , Билим берүү тармагында 38 жыл эмгектенген Кыргыз Республикасынын Билим берүү Министрлигинин «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээси маркум Маманова Гулбаркан Матишовнанын атын Күң-Элек айылындагы №31 «Күң-Элек» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине ыйгаруу жөнүндөгү Күң-Элек айылынын элдик жыйынынын 2021-жылдын 24-февралындагы №6 протоколу бекитилсин.
2. Мурунку №31«Күң-Элек» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин аты өзгөртүлүп маркум Маманова Гулбаркан Матишовнанын атын Күң-Элек айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине ыйгарылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Н.Матановго тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Айдаралиев |
Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Күң-Элек айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун
ПРОТОКОЛУ №6
Күн-Элек айылы. 24.02.2021-жыл
Чогулушка катышкандар 105 адам. Чогулуш башчысы: А.Айтманбетов катчысы: Б.Айдаралиев
Күн тартибинде каралуучу маселе: 1. Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Күң-Элек айлындагы №31«Күң-Элек» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин атын өзгөртүп , ушул айылда жашап өткөн Маманова Гулбаркан Матишовнанын . .атын ыйгаруу жөнүндө.
УГУЛДУ: Күн тартибиндеги маселе боюнча жыйынды Күң-Элек айылынын айыл башчысы А.Айтманбетов ачып кыскача сөз сүйлөп төмөндөгүлөргө токтолду:
Урматтуу бүгүнкү жыйындын катышуучулары сиздерди биринчиден 2021-жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Сиздер менен жаңы жылдан бери биринчи жыйын өтүп жатканыбыздын себеби айылыбызда бүтүп жаткан №31 “Күң-Элек”мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин атын өзгөртүп , ушул айылдын тургуну маркум Маманова Гулбаркан Матишовнанын атын ыйгарсак. Баардыгыныздар билесиздер Маманова Гулбаркан Матишовна 1961-жылдын 14-майында Согонду айылында туулган, билими жогорку, 1982-жылы Ош мамлекеттик педагогика институтунун башталгыч класс адистигин бүтүргөн. Жогорку окуу жайын бүтүп келгенден бери С.Карыев атындагы орто мектепте башталгыч класстын мугалими , окуу бөлүмүнүн башчысы кызматтарында өмүрүнүн акырына чейин иштеп , бүт өмүрүн окуучуларды туура жазууга , сабаттуу окууга тарбиялап келген жана 2004-жылы Ленин айылдык Кеңешинин депутаты болуп айыл тургундарынын көйгөйлүү маселелерин жеринде чечип, айыл өкмөтүнүн социалдык өнүгүүсүнө өзүнүн салымын кошуп жаштарга үлгү болуп , акыл-насаатын айтып, эл үчүн иштеп келгендигин билесиздер. Анын талыкпаган эмгеги бааланып бир нечелеген жогорку органдардын сыйлыктары менен сыйланган. Атап айтсам 1995-жылды Алай райондук Билим берүүнүн ардак грамотасы , 1996-жылы Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы , 1998-жылы Областтык Билим берүүнүн ардак грамотасы , 2000-жылы Алай райондук Билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы , 2002-жылы Ош областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун ардак грамотасы , 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү Министрлигинин “Эл агартуунун мыктысы” төш белгиси , 2005-жылы Алай райондук Билим берүүнүн жана профсоюздардын райондук комитетинин ардак грамотасы, 2010-жылы Ленин айылдык Кеңешинин ардак грамотасы , 2011-жылы ОМБОИнин ардак грамотасы , 2012-жылы Алай райондук БББнүн ардак грамотасы , 2015-жылы С.Карыев атындагы орто мектебинин ардак грамотасы , 2018-жылы “Курманжан Датка” медалы жана 2019-жылы 8-март Аялдардын Эл аралык майрамына карата Алай райондук мамлекеттик администрациясынын “Үлгүлүү айым”номинациясы менен сыйланган. 2 уул, 3 кызды татыктуу тарбиялап жогорку окуу жайларына окутуп , алар ар түрдүү кесипте эмгектенип жатышат. Сиздердин ой-пикириниздер кандай , эмне дейсиздер.
Жарыш сөзгө чыккандар :
1.Бекмурзаев Полотбек - Күң-Элек айылынын тургуну, пенсионер.
Урматтуу жолдоштор! Биз баарыбыз Маманова Гулбарканды жакшы билебиз. Бир көчөдө жашадык , мактоого татыктуу. Кичи пейил , ак көнүл, өзүнүн билимин эч аябай эл үчүн кызмат кылган. Менин сунушум №31 “Күң-Элек”мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин атын өзгөртүп Маманова Гулбаркан Матишовнанын атын ыйгарганга макулмун жана жаштарды колдойт деп ишенемин.
2.Токтокунов Уланбек - Күң-Элек айылынын тургуну, иштебейт. Урматтуу жолдоштор! Мен дагы жогорудагы сунушту колдоймун. Гулбаркан эженин атын ыйгарганга татыктуу.Эженин окуткан балдары ар түрдүү кызматтарда иштеп жатышат.Канчалаган балдарды өз баласындай кылып окутуп тарбиялады.
3.Бекмурзаев Айдар-Күң-Элек айылынын тургуну, иштбейт. Урматтуу жолдоштор! Баардыгыбыз бул эжени жакшы билебиз.Мен да колдоймун жана жаштарды баары колдошот.Мени да бул эжеке окуткан. Айылда аялдар кенешинин мүчөсү болуп көптөгөн жаш келиндерге насааттарын, кенештерин берген.Үлгүлүү эже болчу.
4.Мамасалиева - Гулнур-Күң-Элек айылынын тургуну. Урматтуу жодоштор! Бүгүнкү каралып жаткан маселе эң тураа деп ойлоймун. Маманова Гулбаркандын эмгегин баардыгыбыз билебиз, балдарыбыз эмес неберелерибизди да окуткан. Кичи пейил, ак көнүл, өзүнүн билимин аябастан окуучулар үчүн берген. Ал эле эмес жаш келиндерге да кеп -кеңешин , акыл насааттарын айтчуу. Бардыгыбыз колдойбуз. Анын атын ушул жаныдан ачыла турган балдар бакчасына койгонго татыктуу. Жарыш сөздү токтотсок деген сунуш түшүп жатат.Андан кийин жарыш сөзгө Б.Айдаралиев,
А.Бекмурзаев , Ж.Абдылдаева , С.Пазылов , Д.Алимкановдор чыгып сүйлөшүп бир добуштан колдошту. Жогорудагылардын негизинде Күң-Элек айылынын жашоочуларынын жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күң-Элек айылындагы мурунку №31 “Күң -Элек”мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин атын өзгөртүп Маманова Гулбаркан Матишовнанын атын ыйгарганга элдик жыйындын токтому кабыл алынсын.
2. Күң-Элек айылындагы мурунку №31 “Күң-Элек”мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин атын өзгөртүп маркум Маманова Гулбаркан Матишовнанын атына бекитип берүү жагы Ленин айылдык Кенештин депутаттарынын сессиясына сунушталсын.
3.Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жана Алай райондук билим берүү бөлүмүнө каралган маселе боюнча билдирүү берилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Н.Матановго тапшырылсын.
Чогулуштун башчысы: А.Айтманбетов
Чогулуш катчысы: Б.Айдаралиев