Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VI шайланган кезектеги ХХХI отурумунун
2020-жылдын 28-декабры № 31/3
Ленин айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык 2158,0,миң сом акча каражатын 2021-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 2158,0 миң сом калган калдык акча каражатын 2021-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Токтобаеванын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун 28-декабрдагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 2158,0 миң сом калган калдык акча каражатын 2021-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Токтобаеванын 2020-жылдын 28-декабрындагы жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун 2020-жылдын 28-декабрындагы билдирүүлөрү эске алынсын.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 1755,3 миң сом калган калдык акча каражаты төмөндөгү беренелерге иштетилсин.
Аталышы | Бөлүк | Берене | Сумма (миң сом) |
Бала бакча | 70911 | 31112390 | 2158,0 |
Жыйынтыгы: | 2158,0 | ||
3.2020-жылдан калган калдык акча каражатын 2021-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн керектелүүчү беренесине отургузуп,тиешелүү эсептерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Мамановко жүктөсүн.
4.Акча каражатын иштетүүгө уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
5 .Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Матановго милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Айдаралиев |