Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кенешинин VI шайланган кезектеги ХХХI отурумунун
2020-жылдын 28-декабры № 31/5
Согонду жайыт комитетинин 2021-жылга карата жылдык планын бекитүү жөнүндө
Согонду жайыт комитетинин төрайымы А.Жунусмаматованын 2020-жылдын 28-декабрындагы билдирүүсүн угуп жагна талкуулап,
Ленин айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүндөгү Согонду жайыт комитетинин 2021-жылга жылдык бюджети 300000 сомго бекитилсин
2.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда “жайыт акы “төлөмү мал башына төмөндөгүдөй болуп төлөнсүн;
1.Жайыт пайдалануучулар үчүн- бир баш кара малга жана жылкыларга бир жылга 50сом,
2.Бир баш кой-эчкилерге - бир жылга 10 сом
3. Сырттан келген малдар үчүн - бир баш кара малга жана жылкыларга бир жылга -150 сом 4. Бир баш кой-эчкилерге -бир жылга 30 сом
3.Жайыт комитетинин жылдык планын топтоо жана толтуруу жайыт комитетинин төрайымы А.Жунусмаматовага жана жакындан жардам берүү жайыт комитетинин мүчөлөрү, Муса уулу Кылычка, Максутбаев Бакытбекке, Айтмамбетов Арстанбекке жана Бубаев Нурбекке тапшырылсын.
4.Жайыт акы төлөмүнөн түшкөн акчалай каражатты туура жана өз максатында пайдалануу жана айыл өкмөт башчысы Н.Матановго отчет берүү жагы жайыт комитетинин төрайымы А.Жунусмаматовага милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын .
Ленин айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Б.Айдаралиев |
БЕКИТЕМ
Ленин айылдык Кенешинин төрагасы
__________________Б.Айдаралиев
28.12. 2020жыл
Ленин айыл аймагындагы “Согонду” жайыт комитетинин 2021-жылга карата
Киреше жана чыгашалары боюнча бюджетинин
СМЕТАСЫ :
Кирешелери | Суммасы | Чыгашалары | Суммасы |
1.Жайыт акы төлөмү | 300000 сом | 1.Айыл өкмөттүн бюджетине 3/1 бөлүгү | 100000 сом |
2.Жайыт жер салыгы | 16271 | ||
3.Жайыт комитеттин айлык акысы | 60000 | ||
4.Соц.фонд камсыздандыруу 17.25% | 10350 | ||
5.Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга (жол ондоо.оьектилерди ондоо ж.б) | 100000 | ||
6.”Кыргыз Жайыты” рай.ассоцасиясына мүчөлүк акы | - | ||
7.Кенсе товарларына | 2000 | ||
8.Сапар чыгымына | 5000 | ||
9.Ар түрдүү чыгымдарга | 6379 | ||
Бардык киреше | 300000 | Бардык чыгашалар | 300000 сом |
Жайыт комитетинин төрайымы: А .Жунусмаматова