Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кенешинин VI шайланган кезектеги ХХХI отурумунун
2020-жылдын 28-декабры № 31/6
Ленин айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бекитилген бюджетинин планынын киреше бөлүгүнө Финансы Министрлиги тарабынан өзгөртүүлөр киргизилгендиктен жергиликтүү бюджеттин IV кварталынын такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“КР бюджеттик кодексинин “ 115-беренесине таянып, Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Токтобаеванын 28.12.2020-жылдагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүндөгү айрым салыктын түрлөрүнө кошумча өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу отчеттук жылдын IV кварталынын такталган планына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Киреше бөлүгү:
Статья | Кирешенин аталышы | Көбөйтүлсүн (мин сом) | Азайтылсын (мин сом) | Анын ичинен кварталдар боюнча (мин сом) | ||||
I | II | III | IV | |||||
11111100 | Киреше салыгы | -100,0 | -100,0 | |||||
14151200 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы | -371,9 | -371,9 | |||||
14152100 | Калктуу конуштардагы жер арендасы | -20,0 | -20,0 | |||||
14153200 | Муниципалдык имараттардын аренда акысы | -1,7 | -1,7 | |||||
31131130 | Жаныбарларды сатуу | 50,0 | 50,0 | |||||
Жыйынтыгы: | 50,0 | -493,6 | -443,6 | |||||
2.Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн такталган планына өзгөртүүлөр киргизилгендиктен,сметанын чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй өзгөртүлсүн:
Чыгаша бөлүгү:
Раздел | Мекемелер | Статья | Көбөйтүлсүн (миң сом) | Азайтылсын(миң сом) | Анын ичинен кварталдар боюнча(миң сом) | ||||
I | II | III | IV | ||||||
70111 | Аппарат | 2211 | -110,0 | -110,0 | |||||
70111 | Аппарат | 2215 | -15,0 | -15,0 | |||||
70221 | Коргонуу | 2215 | -20,0 | -20,0 | |||||
70629 | ЖКХ | 2215 | -30,0 | -30,0 | |||||
70862 | Культ.меропр. | 2215 | -63,6 | -63,6 | |||||
70911 | Бала бакча | 2221 | -32,0 | -32,0 | |||||
70921 | Орто мектеп | 2212 | -54,0 | -54,0 | |||||
70921 | Орто мектеп мектеп | 2224 | -119,0 | -119,0 | |||||
Жыйынтыгы: | -443,6 | -119,0 | |||||||
3.2020-жылдын IV кварталынын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүгө уруксат берүү жагы Финансы Министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
4. Бюджетте каралган акча каражаттарынын смета боюнча мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Мамановаго милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Токтобаевага жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Матановго милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Б.Айдаралиев |