Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кенешинин VI шайланган кезектеги ХХХI отурумунун
2020-жылдын 28-декабры № 31/8
Ленин айыл өкмөтүнүн Күн-Элек айылындагы 5-01-08-1001-0071 сандуу сыр белги муниципалдык менчиктеги 18.04.2018-жылдагы сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде №2018-2228 жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүп мечит куруу жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн Күн-Элек айылындагы 5-01-08-1001-0071 сандуу сыр белги муниципалдык менчиктеги 18.04.2018-жылдагы сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде №2018-2228 жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүп мечит куруу боюнча депутат А.Алимкановдун 28-декабрь 2020-жылдагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Элдин суроо талаптарын канааттандырып Ленин айыл өкмөтүнүн Күн-Элек айылындагы 5-01-08-1001-0071 сандуу сыр белги муниципалдык менчиктеги 973,29 чарчы метр жер участогун айылдык мечит курууга уруксат берилсин.
2.Тийиштүү иш кагаздарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
3.Токтомдун негизинде жер участкасын аныктап , тактап тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Б.Айдаралиев |