Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VI шайланган кезектеги ХХХI отурумунун
2020-жылдын 28-декабры № 31/9
Ленин айылдык Кеңешинин 2021-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Ленин айылдык Кеңешинин 2021-жылга иш-планын бекитүү боюнча Ленин айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары С.Мамыровдун 2020-жылддын 28-декабрындагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айылдык Кеңешинин 2021-жылга иш-планы бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2.Ленин айылдык Кеңешинин 2021-жыл үчүн түзүлгөн иш-планынын
аткарылышын өзүмдүн көзөмөлүмдө калтырамын.
Ленин айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Б.Айдаралиев |
Ленин айылдык Кенешинин 2020-жылдын 28 -декабрдагы №31/9 токтому менен бекитилген
Ленин айылдык Кенешинин 2021-жыл үчүн түзүлгөн
ИШ-ПЛАНЫ
№ | Аткарыла турган иш-пландардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Ким даярдайт | Ким отчет берет |
1 | 2019-2020-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы. Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2021-жылга бекитүү жана 2022-2023-жылга болжолдуу пландарын бекитүү. | I-кв | Бюджет боюнча туруктуу комиссия | Айыл өкмөт башчы |
2 | Ленин айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы 2020-жылдын бюджети боюнча маалымат, 2021-жылдын бюджетин жана 2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө | I-кв | Бюджет боюнча туруктуу комиссия | Айыл өкмөт башчы. |
3 | Ленин айылдык Кенешинин 2021-жылга карата иш планын бекитүү. | I-кв | Бюджет боюнча туруктуу комиссия | С.Мамыров |
4 | Ар түрдүү маселелер | I-кв | Жооптуу катчы | |
5 | Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду ,Мурдаш,Күн-Элек ,Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө. | II-кв | Айыл чарба жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссия. | Жайыт комитети,айыл башчылар |
6 | Жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүү жөнүндө. | II-кв | Айыл чарба жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча комиссия | Айыл өкмөт башчысы,айыл башчылар |
7 | Ар түрдүү маселелер | II-кв | Жооптуу катчы | |
8 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын саламаттыгын сактоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин абалы жөнүндө. | III-кв | Социалдык.жаштар саясаты,маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия | ФАП жеткчилери,ҮДТ башчысы. |
9 | Ар түрдүү маселелер | III-кв | Жооптуу катчы | |
10 | Маданият кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | IV-кв | Социалдык.жаштар саясаты,маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия | Маданият кызматкерлери |
11 | Ар түрдүү маселелер | IV-кв | Жооптуу катчы |
Ленин айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы: З.Дубанаева