Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 1
"Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү менен 2021 - жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө"
Отуз-Адыр айыл аймагынын 2021-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндөгү маселелерди карап жана талкуулап чыгып,Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө Мыйзамынын III главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Отуз-Адыр айыл аймагынын 2021 - жылга карата каралган бюджетине киреше чыгаша бөлүгү 29666,0 миң сом, анын ичинен 4050,0 миң сом атайын каражат ата - энелер взносунун эсебинен алымча кошумчасы менен бекитилсин.
1. Башкаруу аппаратына 30 штат бирдиги, от жагуучу эмгек акы фондунун эсебинен төлөнүп берилсин, ал эми айылдык Кеңештин жооптуу катчысы 1 штат, китепканага 1 штат, маданият мүдүрү 1штат, массалык-маданий иштер боюнча 1 штат, пол жуугуч 1 штат , күзөтчү 2 штат бекитилсин
2.Аппарат бөлүмүнө - 8272,9 мин.сом. Айылдык Кеңешке-326,7мин.сом .Жайыт комитетине -110,0мин.сом .Турак жай жана коммуналдык кызматтарга - 9024,2 миң.сом. Китепканага -175,0миң.сом.Маданият үйүнө-556.3мин.сом. Социалдык коргоого 740мин.сом .
Балдар бакчасына -5027,8. Анын ичинен атайын каражат 4050,0мин.сом .Билим берүү тармагына 4455,1 миң.сом. Элге женилдиктерге- 978,0мин.сом бекитилсин.
3. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2021- жылы түшкөн кирешелердин чегинде,чыгашаларды каржылоодо биринчи кезекте
корголгон статьяларга (эмгек акы фонду, соц фонд, дары-дармек,тамак-аш коммуналдык чыгымдарга чегерүү) каржылансын.
4.Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2020 - жылдагы Пандемия мезгилиндеги №106 27.04.2020-ж буйругу бекитилсин
5.Отуз- Адыр айыл өкмөтүнүн 2020 - жылга бекитилген бюджетине жыл ичинде киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолорду эске алуу жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигинин Кара-Суу башкармалыгынын сунуш катынын негизинде Отуз- Адыр айыл өкмөтүнүн 2020 - жыл жергиликтүү бюджетинин кирешелер боюнча такталган пландар жалпысы 28170,3 миң.сом. анын ичинде атайын каражат 2066,2 миң.сомго бекитилсин.Ал эми чыгашалар боюнча такталган пландар жалпысы 28170,3 миң.сом Жыл башында калган калдык 5429,8 миң.сомго анын ичинде атайын каражат 0,5 миң.сомго бекитилсин.
6. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021- жылга аткарылышын алымча кошумчасы менен, айылдык Кеңештин сессиясында каралсын.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Калматов |