Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 2
"Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата иш-аракет планын бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата иш-аракет планы бекитилсин.
2.Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин иши айылдык Кеңештин 2021-жылга бекитилген иш-аракет планына ылайык жүргүзүлсүн.
3.Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин ишин айылдык Кеңештин 2021-жылга бекитилген иш-аракет планына ылайык алып баруу айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.(А.Адашов.)
Төрага | Н.Калматов |
«Бекитемин»
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин
тѳрагасы______________А.Калматов
«28 » декабрь 2020-жыл.
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата иш-аракет
ПЛАНЫ
I сессия
1.Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылдын башталышына карата калган акча каражаттарын бѳлүштүрүү жѳнүндѳ.
2.Отуз-Адыр айыл аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата кѳп жылдык бак-дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге,ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат кѳрсѳткѳн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акынын ѳлчѳмүн бекитип берүү жѳнүндѳ.
3.Айыл аймагынын айылдарындагы кѳчѳлѳргѳ ат кою жѳнүндѳ.
4.Учурдагы ар түрдүү маселелер жѳнүндѳ. Февраль-март.
II сессия
1.Жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жѳнүндѳ.
2.Айыл аймагынын тургундарына жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин ажыратуу иштеринин жүрүшү жѳнүндѳ.
3.Айыл чарбасы,сугат жана таза суу менен камсыз кылуу маселелери боюнча аткарылып жаткан иштер жѳнүндѳ.
4.Учурдагы ар түрдүү маселелер жѳнүндѳ. Май.
III сессия
1.Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылышы жѳнүндѳ.
2.Кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион ѳткѳрүү бюонча боюнча убактылуу түзүлгѳн комиссиянын курамын бекитүү жѳнүндѳ.
3.Айыл чарбасы,сугат жана таза суу менен камсыз кылуу маселелелери боюнча аткарылып жаткан иштер жѳнүндѳ.
4.Учурдагы ар түрдүү маселелер жѳнүндѳ. Июль-август.
IV сессия
1.Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүндѳгү айыл чарба жерлеринин кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын иш Регламентин бекитүү жѳнүндѳ. 2.Айыл аймагындагы ветеринардык кызматтын аткарып жаткан иштери жѳнүндѳ.
3.Айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелер боюнча кызматынын аткарып жаткан иштери жѳнүндѳ.
4.Учурдагы ар түрдүү маселелер жѳнүндѳ. Сентябрь
V сессия
1.Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин 2021-жылдын 9 айында аткарылышы жѳнүндѳ.
2.Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылга карата түзүлгѳн бюджетине тогуз айдын жыйынтыгы менен ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ.
3.Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары тарабынан аткарылып жаткан иштер жѳнүндѳ.
4.Учурдагы ар түрдүү маселелер жѳнүндѳ. Ноябрь
VI сессия
1.Отуз-Адыр айылдык аймагынын социалдык-экономикалык ѳнүгүү программасынын 2021-жылда аткарылышы жана 2022-жылга карата божомолу,Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин 2020-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2022-жылга карата бюджети жѳнүндѳ.
2.Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл ѳкмѳт башчысынын 2021-жылда аткарган иштери жѳнүндѳгү отчету.
3.Учурдагы ар түрдүү маселелер жѳнүндѳ. Декабрь
Жооптуу катчы А.Зикиров.